БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

FIFA кичи футбол боюнча дүйнөлүк рейтингди жарыялады

FIFA кичи футбол боюнча дүйнөлүк рейтингди жарыялады

Сурөт: Кыргызстандын футзал ассоциациясынын басма сөз кызматы

Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы дүйнөдөгү мыкты 50 команданын катарына кирди. 6-майда Эл аралык футбол федерациясынын расмий сайтында кичи футбол боюнча дүйнөлүк рейтинг жарыяланды.

Тизмеде Кыргызстандын командасы 41-орунда турат. Ак шумкарлардын упайы 1091,36 деп көрсөтүлгөн.

Рейтингде жалпы 139 команданын тизмеси бар. Анын сап башында Бразилия. Алдыңкы он команданын арасында Борбор Азия өлкөлөрүнөн Казакстан кирди. Ал эми Өзбекстан 11-орунду, Тажикстан 33-орунду ээлеген. 

Соңку Тайланддын Бангкок шаарында футзал боюнча 2024-жылдагы Азия кубогундагы мелдеште кыргызстандык футзалчылар чейрек финалга чейин жетти. Муну менен ак шумкарлар Дүйнө чемпионатына катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.

Автор: Т-Медиа > 355 статей