БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Футбол: бүгүн Кыргызстан - Иран беттешет

Футбол: бүгүн Кыргызстан - Иран беттешет

Сүрөт: Кыргыз спорт биримдиги

2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү айлампасында Кыргызстан Иран менен беттешет. Оюн Исфахан шаарындагы Фуладшехр стадионунда бүгүн, 5-сентябрда Бишкек убактысы боюнча 20:00дө башталат.

Беттешке чыга турган улуттук команданын курамына 24 оюнчу кирген.

Дарбазачылар: Эржан Токотаев, Артем Прядкин, Султан Чомоев. Коргоочулар: Валерий Кичин, Тамирлан Козубаев, Християн Браузман, Александр Мищенко, Сүйүнтбек Мамыралиев, Саид Дациев, Арслан Бекбердинов, Нурбол Бактыбеков, Кайрат Жыргалбек уулу.

Жарым коргоочулар: Алимардон Шүкүров, Элдияр Зарыпбеков, Кай Мерк, Эрмек Кенжебаев, Одилжон Абдурахманов, Эрбол Атабаев, Магамед Узденов.

Чабуулчулар: Кими Мерк, Гүлжигит Алыкулов, Жоел Кожо, Нурдөөлөт Сталбеков, Эрнист Баатырканов.

Улуттук курама 23-августтан 2-сентябрга чейин Түркиянын Стамбул шаарында машыгуусун өткөргөн. Учурда курама Исфахан шаарында Иран менен боло турган беттешке даярдык көрүп жатат. Команданын башкы машыктыруучусу Максим Лисицын бүгүнкү оюн кызыктуу болорун айтып, атаандаштары тууралуу мындай дейт:  

"Биз Иранды эң жакшы жагынан гана билебиз. Командада көптөгөн күчтүү футболчулар бар. Албетте, биз дагы өзүбүздүн мыкты жактарыбызды көрсөтөбүз. Эртеңки беттешти чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Бизде атаандаш боюнча жетиштүү маалымат бар. Анткени Ирандын курама командасы бир топ убакыттан бери учурдагы курамы менен ойноп келет. Биз алардын оюндарын анализдеп, маалыматты оюнчуларга жеткирдик".

Бишкектин Ала-Тоо аянтында футбол күйөрмандарына Кыргызстан - Иран беттешин көрүүгө фан-зона уюштурулуп жатат. 

Автор: Байэл Бурханов

Автор: Т-Медиа > 353 статей