БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Футбол: Кыргызстандын курама командасын Максим Лисицын машыктырат

Футбол: Кыргызстандын курама командасын Максим Лисицын машыктырат

Сүрөт: Кыргыз футбол биримдиги

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучу болуп Максим Лисицын дайындалды. Бул тууралуу 14-июнда Кыргыз футбол биримдигинин басма сөз кызматы кабарлады. 

Максим Лисицын менен келишим бир жылга түзүлгөн. Ал Дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү баскычы аяктаганга чейин иштейт. Жаңы машыктыруучу курама команданы сентябрь айында баштала турган 2026-жылкы Дүйнө Чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү баскычына даярдайт.

Максим Лисицын 46 жашта. Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн төрт жыл мурун баштаган. 2022-жылы анын жетекчилиги алдындагы Кыргызстандын U-20 жаштар курамасы Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө чыккан. Андан сырткары орусиялык адис Кыргызстандын Олимпиадалык U-23 курама командасын Азия биринчилигинин тандап алуу оюндарында жетектеген.

Кыргызстандын "Ак Шумкар" командасын буга чейин машыктырган Штефан Таркович жана машыктыруучулар штабы толук курамы менен кызматтан кетери 13-июнда маалым болгон. Ал менен түзүлгөн келишимдин мөөнөтү 30-июнда токтотулат. 

Штефан Таркович бул кызматка былтыры апрель айында дайындалган. Ал башкы машыктыруучулукка сунушталган 30 талапкердин ичинен ал тандалган. Таркович Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы менен бир жылда 19 оюн өткөрдү. Анын ичинен алты жолу жеңип, төрт ирет тең чыкты жана тогуз жеңилүү бар.

Автор: Осмонова Айдана > 609 статей