БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Футбол: Кыргызстан үчүнчү тандоо турунда кимдер менен беттешери белгилүү болду

Футбол: Кыргызстан үчүнчү тандоо турунда кимдер менен беттешери белгилүү болду

Сүрөт кыргыз футбол биримдигинин баракчасынан алынды

Кыргызстан 2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатына тандоо турларынын үчүнчү баскычында Иран, Катар, Өзбекстан, ОАЭ жана Түндүк Корея курама командалары менен беттешет. Бул тууралуу чүчүкулакта белгилүү болгонун Кыргыз футбол биримдиги кабарлады.

Чүчүкулак бүгүн, 27-июнда саат 13:00дө Куала-Лумпурда өткөн. Анда жалпы 18 улуттук курама команда алты тайпадан үч топко бөлүндү. Кыргызстан A тайпасында жайгашты. 

  • В тайпасында Түштүк Корея, Ирак, Иордания, Оман, Палестина, Кувейт;
  • С тайпасына Жапония, Австралия, Сауд Арабиясы, Бахрейн, Кытай, Индонезия беттешет.

Дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо турунун оюндары 2024-жылдын сентябрынан 2025-жылдын июль айына чейин өтөт. Беттештердин жыйынтыгы боюнча ар бир тайпадан эки мыкты команда Дүйнө чемпионатына жолдомо алат. Тайпаларда үчүнчү жана төртүнчү орунду ээлеген командалар 4-квалификациялык раундда эки жолдомо үчүн күрөшүп, плей-офф оюндары аркылуу дүйнө чемпионатына дагы бир жолдомо ойнотулат.

Дүйнө чемпионаты 2026-жылы АКШнын, Мексиканын жана Канаданын 16 шаарында өтөт. Ага 48 курама команда катышат.

Автор: Анарбаева Наргиза > 156 статей