БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Футбол: Кыргызстандын курама командасы "Тайбэй" менен беттешет

Футбол: Кыргызстандын курама командасы  "Тайбэй" менен беттешет

sport.akipress

Бүгүн Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын квалификациялык раунду алкагында Кытайдын  Тайбэй командасы менен ойнойт.

 

Үчүнчү турдун алкагында орун ала турган бүгүнкү беттеш Гаосюн шаарынын "Наньцзы" стадионунда өтөт. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө старт алат. Оюнду БАЭнын рефери Яхья Али Алмулла тейлейт. "Ак шумкарлар" оюн талаасына кызыл формада чыгат.

Ал эми аталган командалардын жооптук беттеши 26-мартта Бишкетеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

Аталган квалификациялык оюндары үчүн чүчүкулактын жыйынтыгында 4 командадан турган 9 тайпа түзүлгөн. Кыргызстандын курамасы Оман, Малайзия жана Кытайлын Тайбэй курама курамалары менен кошо "D" тайпасында жайгашкан.

Эки турдун жыйынтыгы боюнча улуттук курама үч упай менен тайпанын турнирдик жадыбалында 3-орунду ээлеген.

Оюндун түз алып берүүсү YouTube, "Кыргыз Спорт ТВ" жана "УТРК Спорт" каналдарында жеткиликтүү болот.

Автор: Мамасадыкова Кенжебү > 58 статей