БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Футзал боюнча Азия кубогу: Кыргызстан бүгүн Жапония менен беттешет

Футзал боюнча Азия кубогу: Кыргызстан бүгүн Жапония менен беттешет

Сүрөт: Кыргыз футбол союзу

Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы Азия кубогунун алкагында Жапонияга каршы беттешет. Тирешүү Бангкок аренасында бүгүн, 18-апрелде Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө башталат.

 

Ак шумкарлар Азияда фаворитти жеңе алабы?

Жапондор учурдагы чемпиондор. Бирок "самурайлар" титулду коргоо үчүн толук курам менен келген жок. Алар жаракаттан улам эки чабуулчусун - Казуя Шимизу жана Артур Оливейраны жоготушту. 

Бирок башкы машыктыруучу Кеничиро Когуре муну трагедия катары көрбөйт экенин айтты.

"Бир нече адам курамдан чыгып кетти. Бирок бизде баары негизги оюнчу болгон эң мыкты команда бар", -деди ал.

Кыргызстандын Азия кубогундагы эң жакшы көрсөткүчү 2005-жылы 3-орун болгон. Ал кезде коло үчүн беттеш болбогондуктан Ак шумкарлар аны экинчи жарым финалда утулуп калган өзбек курамасы менен бөлүшкөн. 

Улуттук курама команда акыркы турнирге жолдомо ала алган жок. Машыктыруучу Луис Бернат бул ийгиликсиздигинин ордун толтурууга ниеттенүүдө. 

"Бизди учурдагы чемпиондор менен татаал дуэл күтүп турат. Ага карабай биз бардык күч-аракетибизди жумшоого даярбыз", - деп ишендирди ал.

Автор: Улукбек Сали уулу

Автор: Улукбек кызы Асем > 324 статей