БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Германияда калың жааган кардан учак тоңдубу? Фактчек

Германияда калың жааган кардан учак тоңдубу? Фактчек

Видеодон скриншот

 

Германияда Дубайда климаттык саммитке барышы керек болгон делегациянын учагы тоңуп, учпай калганбы? Айрым басылмалар делегация Мюнхендеги аэропорттон чыга албаганы тууралуу жазып жатат. 

 

"Т-Медиа" маалыматты текшерди. 

Жаңылыкты орус, казак жана кыргыз маалымат сайттары жазган. Баары тең эч кандай булакка таянбай, shot телеграмм каналындагы видеого гана шилтеме берген. Анда: "Глобалдык жылуулануу боюнча саммиттин делегациясынын учагы Мюнхенде учуп-конуу тилкесинде кар күрткүсүнө тоңуп калды. Алар бүгүн кечинде Дубайга кетмек. Германиянын түштүгүндө калың кар жааган. Мюнхенде коомдук транспорт токтоду. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок" деп жазылат.

 

Германиянын Мюнхен шаарында чындыгында эле декабрдын башында катуу суук түшүп, аэропортто каттамдар токтотулган. Мюнхен аэропортунан учкан негизги авиакомпаниялардын бири сууктан улам сырты тоңуп калган учактардын сүрөтү менен бөлүшкөн. Бирок расмий жана беделдүү сайттарда Германия делегациясы бул аэропорттон учканы тууралуу маалыматтар жок. 

 

Мюнхен өлкөнүн түштүгүндө жайгашкан район. Ал эми делегация борбор шаардан, башкача айтканда Берлинден учмак. Ачык булактардан Германия делегациясынын Дубайга качан учканы тууралуу маалыматтарды таба алган жокпуз. Бирок делегация учурда саммитке катышып жатат. Анткени 2-декабрда bild басылмасы Германиянын канцлери Олаф Шольцдун конференциядагы сүрөтү менен бөлүшкөн. Иш-чара учурунда тартылган  видео далилдер дагы бар. 

 

Deutsche Welle басылмасында самиттеги видеотүрмөктөн Шольцтун учактан түшкөн кадрларын көрүүгө болот.

 

bild.de сайтынын маалыматы боюнча, Дубайдагы климаттык саммит 30-ноябрда башталган. Ал 12-декабрга чейин уланат. Иш-чарага Германиядан 250дөй өкүлдөн турган делегация барары тууралуу да маалыматтар бар

Саммит башталган күнү, тагыраагы 30-ноябрда Германиянын климат боюнча мамлекеттик катчысы Дженнифер Моргандын конференция болуп жаткан учурда берген интервьюсу жарыяланган

Ал эми 3-декабрда Германиянын экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү министри твиттердеги баракчасына Дубайдагы конференциядан кайтып жатканы тууралуу сүрөттү жүктөгөн

Учактын тоңуп калганы тууралуу маалыматтар 2-декабрда тарай баштаганын эске алсак, бул такталбаган маалымат. 

Жыйынтык: Германиянын Мюнхен аэропортунда катуу сууктан улам каттамдар токтотулганы чын. Бирок тасмадагы учак Дубайдагы климаттык саммитке бараткан делегацияга тиешелүү экени тастыкталган жок. Делегация конференцияга убагында барган жана катышып жатат. 

Автор: Анарбаева Наргиза > 110 статей