БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Германияда "Кыргыз кызы" айкели орнотулду

Германияда "Кыргыз кызы" айкели орнотулду

Сүрөт: Кыргызстандын Германиядагы элчилиги

Германиянын Эрфурт шаарында "Чет элдик жаштарды тосуп алуу күнү" иш-чарасында "Кыргыз кызы" айкелинин ачылышы болду. Скульптура кыргыз жаштарынын Германияда билим жана тажрыйба алууга умтулуусунун символу катары тургузулган. Бул тууралуу 9-октябрда Кыргызстандын Германиядагы элчилиги билдирди.

Бийиктиги 180 сантиметр болгон айкелдин автору Семён Чуйков. Ал бул чыгармасын “Советтик Кыргызстандын кызы” аттуу атактуу сүрөттөн шыктанып жасаган. 

Айкелдин ачылыш аземине Тюрингия шаарынын премьер-министри Бодо Рамелов, Эрфурт соода-өнөр жай палатасынын президенти Дитер Баухаус, Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев катышкан. 

Элчиликтин маалыматында "Кыргыз кызы" айкелдин демөөрчүлөрүнүн бири Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Өмүрбек Бабанов. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 349 статей