БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Баатырова кызматынан бошотулду

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Баатырова кызматынан бошотулду

Сүрөт: "Спутник Кыргызстан"

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 7-июнда кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Баатырованын кайсы кызматка өткөндүгү белгисиз. 

Өлкө башчынын ушул эле күнкү жарлыгы менен Батырованын ордуна орун басары Жылдыз Полотова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Эми аны министр кызматына дайындоо үчүн  талапкерлерги Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет.

Гүлнара Баатырова бул кызматка былтыр сентябрь айында дайындалган болчу. Ал 2022-жылы саламаттык сактоо министри болуп турган. 

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей