БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Гимнди өзгөртүү боюнча комиссия түзүлүп, курамына сегиз депутат кирди

Гимнди өзгөртүү боюнча комиссия түзүлүп, курамына сегиз депутат кирди

Жогорку Кеңеш

Мамлекеттик гимнди өзгөртүү боюнча түзүлгөн ведомстволор аралык комиссияга парламенттин сегиз депутаты кирди. Алар - Аккулу Бердиев, Бактыбек Марипов, Жанар Акаев, Винера Раимбачаева, Кубанычбек Самаков, Саидбек Зулпуев, Советбек Рустамбек уулу, Айбек Маткеримов.  Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 12-декабрдагы жыйынында белгилүү болду. 

Эми өкмөт түзгөн ведомстволор аралык комиссия гимндин үч вариантын даярдап, Жогорку Кеңешке сунуштайт. Депутаттар алардын ичинен мыкты делгенин тандап, мыйзам менен бекитет. 

Шакиевдин гимнди өзгөртүү сунушу

25-октябрда Кара-Кыргыз Автоном облусунун 100 жылдыгы, анын туңгуч жетекчиси Иманалы Айдарбековдун 140 жылдыгына арналган жыйында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев гимнди өзгөртүү планы бар экенин билдирген. Төрага буга себеп катары Кыргызстан өнүгүү жолундагы өлкө экенин, гимн баары бирдей ырдай турган болушу керектигин белгилеген. Ушул күнү эле Шакиев Соода-өнөр жай палатасынын түзүлгөндүгүнүн 65 жылдыгына арналган иш-чарада "президентибиз бир мамлекетке барганда биздин гимн ырдалганда чымчыктар учуп кетиптир. Башка гимн ырдалганда кайра келип конуптур" деп айткан. 

Соцтармактарда айрымдар Шакиевдин идеясын сынга алышкан. "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын төрагасы, мурдагы депутат Адахан Мадумаров да пикирин билдирип, спикердин жүйөсү түшүнүксүз экенин белгилеген. 

Кыргызстанда гимнди өзгөртүү маселеси буга чейин да көтөрүлгөн. 2012-жылы декабрь айында анын экинчи куплети толугу менен алынып салынган. Ага "бейкуттук"деген сөз терс мааниге ээ деген пикир себеп болгон. 

Гимн 1992-жылдын 18-декабрында Жогорку Кеңеште үч куплет болуп бекитилген. Анын сөзүн Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуев жазган. Обону Калый Молдобасанов менен Насыр Давлесовдуку.

Автор: Осмонова Айдана > 795 макала