БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жоламан Шаршенбеков дүйнөлүк рейтинге өз ордун сактап калды

Жоламан Шаршенбеков дүйнөлүк рейтинге өз ордун сактап калды

Интернеттен алынды

Жоламан Шаршенбеков дүйнөлүк рейтингде биринчи орунду сактап калды.  Кыргызстандык балбан грек-рим күрөшү боюнча 60 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, Азиянын үч жолку чемпиону атыккан.

Дүйнөлүк күрөш уюмунун жаңыланган рейтинги Бишкекте өткөн Азия чемпионатынын жыйынтыгы боюнча түзүлдү.

Жоламан Шаршенбеков Бишкекте өткөн Азия чемпионатынын финалында жапониялык балбан Кайто Инаба менен күч сынашып, атаандашын 11:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда уткан. Муну менен ал Азиянын үч жолку чемпиону аталган.

Автор: Мамасадыкова Кенжебү > 58 статей