БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Грек-рим күрөшү боюнча командалык эсепте кыргызстандык балбандар экинчи орунду ээледи

Грек-рим күрөшү боюнча командалык эсепте кыргызстандык балбандар экинчи орунду ээледи

Сүрөт: Интернеттен алынды

Грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык курама команда экинчи орунга чыкты. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.

Кыргыз балбандары жалпысынан алты медаль уткан. 60 килограмм салмакта күч сынашкан Жоламан Шаршенбеков алтын медалды багындырса, 67 килограмм салмакта таймашкан Раззак Бейшекеев жана 77 килограмм салмакта күч сынашкан Акжол Махмудов күмүш медаль тагынды. Ал эми 55 килограмм салмакта Улан Муратбек уулу, 82 килограмм салмакта Бекзат Ормонкул уулу жана 130 килограмм салмакта күч сынашкан Эрлан Манатбеков коло медалга татыды.

Азия чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча мелдештер 15-16 апрелде өттү. Анда он салмакта медалар топтому ойнотулса, кыргызстандык балбандар бардык салмак боюнча күч сынашкан. Мелдештерге 20дан ашуун өлкөнүн спортчулары катышты.

Автор: Каныбек уулу Нургелди > 69 статей