БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Жумгалда ата-баланы издөөгө учкучсуз учуучу аппараттар тартылды
Жумгалда 15 күндөн бери мал кайтарганы кетип, дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөөгө учкучсуз учуучу аппараттар тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, издөө иштерине Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын учкучсуз учуучу аппараттар бөлүмүнүн кызматкерлери да кошулган.
“Учкучсуз учуучу аппараттар (УУА) издөө иш-аракеттеринин натыйжалуулугун кыйла жогорулатып, жетүүгө кыйын болгон жерлерди жана кеңири аймактарды изилдөөгө жардам берет”-деп жазылат маалыматта.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 30-октябрга карата ата-баланы издөөгө 104 адам чыккандыгын кабарлады. Издөөгө укук коргоо органдарынын кызматкерлери, ыктыярчылар жана жергиликтүү тургундар катышууда.
Мал кайтарганы кеткен 45 жаштагы Болот Карыпбеков жана анын тогуз жаштагы баласы 16-октябрдан бери дайынсыз болууда. Жакындары аларды 18-октябрдан тарта издеп баштаган. Эртеси Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылышкан.
Ал эми Карыпбековдун апасы Жыпар Сыдыкова бийликтегилерге кайрылып, балдарын табууга жардам сурап жатат. Президент Садыр Жапаров, 28-октябрда издөө иштерин күчөттүү тапшырмасын берген.
Автор: Осмонова Айдана > 730 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat