БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Ихсан" кооперативинин жабырлануучуларга келтирген чыгымы 701 млн сомго жеткени айтылды

"Ихсан" кооперативинин жабырлануучуларга келтирген чыгымы 701 млн сомго жеткени айтылды

Сүрөттө "Ихсан Групп ЛТД" кооперативинин логотиби

Ички иштер министрлиги "Ихсан Групп ЛТД" турак-жай кооперативине карата Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө уланып жатканын кабарлады. 18-январда мекеменин басма сөз кызматы тергөөнүн ушул маалга чейинки жыйынтыктары менен бөлүштү.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын декабрь айында "Ихсан Групп" кооперативинин жооптуу кызматкерлерине 400дөн ашык айып коюлуп, иш Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн. Жабырлануучуларга жалпы келтирилген материалдык чыгым 425 миллион сомдон ашкан. Мындан сырткары, кооперативдин түштүк аймагындагы филиалына карата 330 факты боюнча кылмыш иши козголуп, иш тергелүүдө. Аларга 276 миллион сомдон ашык материалдык чыгым келтирилгени аныкталган. 

2022-жылдын июлунда "Ихсан" турак жай кооперативинин жетекчиси Акинай Бекмурзаева камалып, кооперативдин жооптуу кызматкери А.О.Т аттуу жаранга ошол эле жылдын ноябрында издөө жарыяланган. Декабрда Бекмурзаевага жана А.Э.К. аттуу дагы бир кызматкерге айыбы угузулуп, Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн.

"Аталган кооперативге карата жарандардын арыз менен кайрылышынын себеби келишим боюнча турак жайды сатып берүү мөөнөтү өтүп кеткен учурлар болгон. Бүгүнкү күндө «Ихсан Групп ЛТД» кооперативи өз ишмердүүлүгүн улантууда, себеби аталган кооперативге көптөгөн жарандар катталып, турак-жай алганы белгилүү жана алар бүгүнкү күнгө чейин кооперативдин банктык эсебине акча каражатарын төлөп келишүүдө", -дейт ИИМ.

"Ихсан" кооперативине турак жай алуу үчүн акча салып, кийин мүлк да ала албай, каражатын да кайтара албай калган жүздөгөн жарандар 2022-жылдын жаз айларында Бишкекте жана Ошто митингге чыгышкан.

Автор: Улукбек кызы Асем > 257 статей