БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
«Ихсанга» алдагандар бийликке кайрылуу жолдошту
"Ихсан" турак жай кооперативинен үй алабыз деп алдангандар 11-январда президент Садыр Жапаровго, УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге, башкы прокурор Курманкул Зулушевге жана Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбаевге кайрылуу жолдошту.
Алар бийликти бир жылдан ашуун убакыттан бери болуп келе жаткан соттук иштерге көңүл буруп, кооперативге салган акчаларын кайра толугу менен кайтарып берүүнү өтүнүштү.
"Биз болгон акчаларыбызды салганбыз. Кээ бирлери чет өлкөдө миграцияда жүрүп тапкан акчаларын, кээ бири кредит алып, кээ бири канча жылдык маңдай тер, азап менен тапкан акчаларын салышкан. Жыйынтыгында же үйдөн жок же акчадан жок алданып отурабыз. Ошол алган насыяларда дагы деле төгүп келе жатабыз. Эки жылдан бери соттук отурумдар болуп атат. Эч нерсе өзгөргөн жок. Иштин баары ошол бойдон турат. Кээ бирлери ушул "Ихсандын" айынан канчалаган ден соолуктарын жоготуп, операцияга да акча таппай жатышат", -деди жабырлануучулардын бири Шабдан Бактыбай уулу.
Жабырлануучулар ошондой эле укук коргоо органдарына дагы кайрылып, убагында "Ихсан" турак жай кооперативин жарнама кылган маданият жана дин кызматкерлерине да укуктук баа берүүн талап кылышты.
"Ихсан Групп ЛТД" кооперативинин жетекчиси Акинай Бекмурзаева 2022-жылдын июнь айында кармалган жана ошондон бери камакта отурат. Ички иштер министрлиги ага "Алдамчылык" жана "Ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу же коротуу" деген беренелердин негизинде айып тагылганын билдирген. Баштапкы эсептөөгө ылайык, зыяндын өлчөмү 121 миллион сомдон ашык деп көрсөтүлгөн.
Кооперативден үй ала албай, салган акчасын кайтара албай калганын айткан жарандар буга чейин өлкөнүн башка да аймактарында бир катар нааразылык акцияларын уюштуруп келген.
Улуттук банк адамдардан каржылык салым чогултуп, анын үстүнө акча кошуп үй алып берүүнү убада кылган ишмердик “каржылык пирамиданын” элементтерине окшош экенин эскертип келет.
Автор: Максат Боромбаев
Автор: Т-Медиа > 378 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat