БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Ихсанга" алдангандар бийликке кайрылышты

"Ихсанга" алдангандар бийликке кайрылышты

Сүрөт: Т- Медиа

"Ихсан" турак жай кооперативинен үй алабыз деп алдангандар 20-мартта өкмөт үйүнүн алдына чогулушту. Анда алар президент Садыр Жапаровго, УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдоп, арыз беришти. 

Үлүшчүлөр кооперативдин сот тарабынан тоңдурулган банктык эсептеринен миллиондогон акчалар чыгарылып кетип жаткандыгын айтып, көңүл буруп карап беришин айтышты.

"Биз бүгүн дагы чогулуп президент Садыр Жапаров менен УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдодук. Алардан биздин көйгөйдү чечип берүүнү суранып, сот тарабынан камакка алынган кооперативдин банктагы эсебинен акчалар чыгып кетип атканын айттык. "Карап беребиз" деп эле атат. Бирок күнүнө акчалар чыгарылып кетип атат да", -деди  жабыркагандардын бири Гулнара Акылбек кызы.

"Ихсандын" үлүшчүлөрү 19-мартта кооперативдин Бишкектеги кеңсесине чогулушкан. Анда алар Биринчи Май райондук соту чыгарган өкүмгө каршы "Ихсандын" шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылганына нааразы экенин билдиришкен. Чогулгандар ошондой эле "Ихсан" кооперативинин банктагы тоңдурулган эсептеринен 17 млн сомдон ашык чыгарылып кеткенин да айтышкан. 

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 16-февралда "Ихсан Групп ЛТД" коммерциялык эмес турак-жай кооперативинин жетекчилеринин иши боюнча өкүм чыгарган. Анда судья Абдималик Акматов кооперативдин башчысы Акинай Бекмурзаеваны 12 жылга эркинен ажыратып, аны жабырлануучулардын чыгымдарын төлөп берүүнү милдеттендирген. Ал эми кооперативдин дагы бир кызматкери Эрмат Абылкасымовду 11 жылга кесип, сот залынан камакка алган. 

"Ихсан Групп ЛТД" кооперативинин жетекчиси Акинай Бекмурзаева 2022-жылдын июнь айында кармалган жана ошондон бери камакта отурат. Ички иштер министрлиги ага "Алдамчылык" жана "Ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу же коротуу" деген беренелердин негизинде айып тагылганын билдирген.

Буга чейин "Ихсандын" Бишкектеги кеңсесине 400дөн ашык факты боюнча арыз түшүп, жабырлануучуларга келтирилген чыгым 425 миллион сом деп эсептелген. Ал эми Ош шаарындагы кеңсесиндеги арыздар менен бирге жалпы чыгым 701 миллион сомдон ашканы айтылган.

Кооперативден үй ала албай, салган акчасын кайтара албай калганын айткан жарандар буга чейин өлкөнүн башка да аймактарында бир катар нааразылык акцияларын уюштуруп келген.

Улуттук банк адамдардан каржылык салым чогултуп, анын үстүнө акча кошуп үй алып берүүнү убада кылган ишмердик “каржылык пирамиданын” элементтерине окшош экенин эскертип келет.

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей