БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Ихсандын" үлүшчүлөрү тоңдурулган эсептеги миллиондор чыгарылып кеткенин айтышты

"Ихсандын" үлүшчүлөрү тоңдурулган эсептеги миллиондор чыгарылып кеткенин айтышты

Сүрөт: t-media/ Максат Боромбаев

"Ихсандан" үй ала албай калган жарандар 19-мартта кооперативдин Бишкектеги кеңсесине чогулушту. Алар кооперативге карата Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарган өкүмүнө каршы "Ихсандын" шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылганына нааразы экенин билдиришти.

"Биринчи Май райондук соту чыгарган чечимге каршы адвокаттары арыз беришиптир. Биз дагы канча жыл жүрүшүбүз керек? Ал шаарга, анан Жогорку Сотко жеткиче. Бизди ойлобойбу булар,-деди жабыркагандардын бири Гулнара Акылбек кызы.

Чогулгандар ошондой эле "Ихсан"кооперативинин банктагы тоңдурулган  эсептеринен 17 миллион сомдон ашык чыгарылып кеткенин да айтышты. Мындан улам жабыркагандар 19-мартта Башкы прокуратурага арыз жазышкан.
 
"Бир күндүн ичинде 17 миллондон ашык акча каражаты чыгырылып кетиптир. Жаңы директор келген имиш. Камакта турган эсеп кандай жагдайда чыгарылганын билбейт экен. Бир күндүн ичинде ушунча акча чыгып кетип атса, бизге эртең эмне калат. Бизге мындай жетекчинин кереги жок. Мындайдын далайын көргөнбүз. Ишенбейбиз", -деди чогулгандардын бири Асел Ишенкулова.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту 16-февралда "Ихсан Групп ЛТД" коммерциялык эмес турак-жай кооперативинин жетекчилеринин иши боюнча өкүм чыгарган. Анда судья Абдималик Акматов кооперативдин башчысы Акинай Бекмурзаеваны 12 жылга эркинен ажыратып, аны жабырлануучулардын чыгымдарын төлөп берүүнү милдеттендирген. Ал эми кооперативдин дагы бир кызматкери Эрмат Абылкасымовду 11 жылга кесип, сот залынан камакка алган.
 
"Ихсан Групп ЛТД" кооперативинин жетекчиси Акинай Бекмурзаева 2022-жылдын июнь айында кармалган жана ошондон бери камакта отурат. Ички иштер министрлиги ага "Алдамчылык" жана "Ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу же коротуу" деген беренелердин негизинде айып тагылганын билдирген. Баштапкы эсептөөгө ылайык, зыяндын өлчөмү 121 миллион сомдон ашык деп көрсөтүлгөн.Кооперативден үй ала албай, салган акчасын кайтара албай калганын айткан жарандар буга чейин өлкөнүн башка да аймактарында бир катар нааразылык акцияларын уюштуруп келген.
 
Улуттук банк адамдардан каржылык салым чогултуп, анын үстүнө акча кошуп үй алып берүүнү убада кылган ишмердик "каржылык пирамиданын"элементтерине окшош экенин эскертип келет.
 
Автор: Максат Боромбаев

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей