БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

ИИМ Ошто сексуалдык кулчулукка кабылган өспүрүмдүн иши боюнча комментарий берди

ИИМ Ошто сексуалдык кулчулукка кабылган өспүрүмдүн иши боюнча комментарий берди

Сүрөт интернеттен алынды

Ички иштер министрлиги Ошто сексуалдык кулчулукка кабылган жашы жете элек кыздын иши боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди.  

Мекеменин 27-августта тараткан маалыматы боюнча, милицияга он беш жаштагы кызды бир топ балдар жана кыздар белгисиз даректе мажбурлап кармашканы тууралуу маалымат түшкөн. Анын негизинде 23-август күнү текшерүү иштери башталган. Жабырлануучу кызга соттук-медициналык жана биологиялык экспертиза дайындалган. 

Ал эми аны ур-токмокко алууга катышы бар деп 21 жаштагы жаран, Ош шаарындагы мейманканада зордуктоого шектелип 27 жаштагы жаран аныкталып суракка алып келинген. Учурда окуяга тиешеси бар башка жарандардын дагы өздүгү аныкталып, ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Далил катары видеолор алынган. 

Буга чейин Акыйкатчы институту 15 жаштагы кыз бир айдан бери сексуалдык кулчулукта кармалып келгенин айтып, укук коргоо органдарынан анын коопсуздугун камсыз кылууну талап кылган. Жабырлануучунун жактоочусунун сөзүнө караганда, кызды ар кандай шылтоо менен ур-токмокко алып, эркектердин көзүнчө жылаңачтап видеого тартып, кашын кырып, "башка бирөөгө айтса өлтүрүп коебуз" деп коркутуп, кармап келишкен. Жогорудагы жасагандарынын баарын видеого тартып алып, интернетке таркатып жиберишкен.

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей