БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкек: акча ташыган адамды өлтүрүүгө шектүү Орусияда кармалды

Бишкек: акча ташыган адамды өлтүрүүгө шектүү Орусияда кармалды

Сүрөт: ИИМ

"Манас" аэропортунун жанында турган автоунаанын багажынан сөөгү табылган адамдын өлүмүнө байланыштуу 33 жаштагы шектүү табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлап, шектүү Орусияда кармалганын, жакында Кыргызстанга алынып келинерин кошумчалады.

"1991-жылы туулган А.М. жүргөн жери аныкталып, Россия Федерациясынын аймагында кармалып, камакка алынды. Учурда кармалган кылмышкерди Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча иш-чаралар жүрүп жатат", -деп айтылат маалыматта.

2019-жылы 23-октябрда "Манас" аэропортунун жанында турган автоунаанын багажынан киши колдуу болгон адамдын сөөгү табылган. Маркум чоң суммадагы акча ташып иштеген. Ошол учурда кылмышка шектүү мурда оор кылмыштар менен бир нече жолу соттолгон Ош шаарынын тургуну экени аныкталып, издөө жарыяланган. Бирок ал жаран изин жашырып качып кетип, эл аралык издөөгө алырнган. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей