БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Автоунааларга милдеттүү түрдө видео көзөмөл орнотууну сунушталууда

Автоунааларга милдеттүү түрдө видео көзөмөл орнотууну сунушталууда

Сүрөт интернеттен алынды

Ички иштер министрлиги автоунааларга милдеттүү түрдө видео камера орнотуу жөнүндө мыйзам долбоорун сунуштады. Документ Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды. 

Мыйзам долбоорго ылайык, видеокамера укук бузууларды аныктап, жол кырсыктарын талдоо, талаш жараткан жагдайларда маанилүү экени белгиленет. Видео көзөмөл орнотпогондорго айып пул салынат.

Аталган мыйзам кабыл алынса, айдоочулар 2025-жылдын 1-январынан тарта автоунааларына видео камера сатып алышы керек. Мыйзам Министрлер кабинети аныктаган трактор сыяктуу транспорт каражаттарына иштебейт. Мекеме мыйзам долбоору жол кырсыктарын азайтуу боюнча иш-чаралардын негизинде иштелип чыкканын билдирди. Бул жол эрежелерин бузууну жана кырсыктарды алдын алуунун чарасы экени белгиленген.

Соңку расмий маалыматка ылайык, быйыл тогуз айда 4 800 жол кырсыгы катталып, андан 489 адам мерт болду. Өткөн жылы 7040 жол кырсыгы болуп, 11 миң 49 киши жараат алып, 690 адам каза болгону айтылган. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей