БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

ИИМ: Бишкекте оор кылмыштарга шектүү Орусиянын жараны кармалды

ИИМ: Бишкекте оор кылмыштарга шектүү Орусиянын жараны кармалды

Сүрөт: ИИМ

Бишкек шаарында мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Орусиянын жараны кармалганын Ички иштер министрлиги маалымдады. А.Р аттуу жаран видеокөзөмөлдөөчү камералардын жардамында колго түшүрүлгөн.

Ага Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан уурулук, зордуктоо, жасалма документтерди жасоого боюнча айып тагылган. Шектүүгө Алтай аймагы боюнча Орусиянын Ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан да издөө жарыяланган.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги шектүү атайын кызматтын колдонуп жаткан заманбап технологиялардын жардамы менен кармалганын кошумчалайт.

Автор: Каныбек уулу Нургелди > 67 статей