БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

ИИМ: блогер Али Эргешев "бейбаштыкка" шектелип кармалды

ИИМ: блогер Али Эргешев "бейбаштыкка" шектелип кармалды

Али Эргешовдун Инстаграм баракчасына жарыялаган сүрөт

Ички иштер министрлиги блогер Али Эргешевге Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси менен иш козголгуп, кармалганын маалымдады. Аны 13-февралда "Манас" аэропортунан милиция кызматкерлери адамды жүзүнөн тааныган видеобайкоонун жардамы менен кармаган. 

Министрликтин маалыматына ылайык, Эргешев буга чейин издөөдө жүргөн. 

Буга чейин блогер "Инстаграмдагы" баракчасына видео, сүрөт жарыялап, аны укук коргоо кызматкерлери кармаганын айткан. Анда ал кармалганынын себеби белгисиз экенин билдирген.

Али Эргешев Ютубдагы "Эл билсин" каналын иштетет жана бул долбоордун автору. Ал ар кандай мыйзам бузуулар тууралуу элдин кайрылууларын чыгарат. Каналдын 130 миңге жакын катталуучусу бар.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей