БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

ИИМ депутат Айдарованын Ниязбеков тууралуу сынына жооп берди

ИИМ депутат Айдарованын Ниязбеков тууралуу  сынына жооп берди

Улан Ниязбеков

Ички иштер министрлиги депутат Айгүл Айдарованын министр Улан Ниязбековдун дарегине айткан сынына жооп берип, депутатты "негизсиз сындоодон алыс болууга" чакырды.

"Парламенттин депутаты, милициянын мурдагы тергөөчүсү Айгүл Айдарова ИИМдин жетекчилигин жана укук тартибин тиешелүү деңгээлде камсыз кылуу, эмгек шарттарын жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды коомчулуктун алдында терс мүнөздө көрсөтүү үчүн колдон келишинче аракет кылып жатканы байкалууда. Буга байланыштуу, депутат айымды негизсиз сындоодон алыс болуп, калыс позицияны карманууга чакырабыз", - деп жазылган министрликтин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Министрликтин 18-апрелде тараткан маалыматында мындан сырткары министр Ниязбеков жетекчилик кызматка дайындалгандан бери Ички иштер министрлиги жана анын бөлүктөрү алгылыктуу иштерди жасаганы айтылат. Анда материалдык-техникалык жактан камсыздоо жакшырганы, үч жылдын ичинде 61 объект курулуп, пайдаланууга берилгени, андан тышкары көптөгөн объектилер оңдоодон өткөрүлгөнү, санариптик технологиялар ишке киргени белгиленген.
 

Билдирүүдө ошондой эле милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттери үчүн тартиптик жаза колдонулуп келери, ички иштер органдарында тартипти сактоого көңүл бурулары жазылган. Ал эми ички иштер органдары коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, укук бузууларды алдын алуу боюнча өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарып келе жатышканы да айтылган.

Жогорку Кеңештин 18-апрелдеги жалпы жыйынында депутат Айгүл Айдарова ички иштер министри Улан Ниязбековду отставкасын талап кылды. Ал ичики иштер органдарында башаламандык көбөйүп кеткенин айтып, Башкы прокуратура менен УКМКны көңүл бурууга чакырган.

 

Ниязбеков 1998-жылдан бери укук коргоо тармагында иштейт. 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин ички иштер министри болуп дайындалган.

 

Автор: Боромбаев Максат > 149 макала