БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

ИИМ журналисттердин кармалышы боюнча комментарий берди

ИИМ журналисттердин кармалышы боюнча комментарий берди

ИИМ

Ички иштер министрлиги 16-январдын таңында бир катар журналисттердин жашаган, иштеген жерлери текшерилип, суракка алып келиниши боюнча маалымат берди. "Айт айт десе" жана "Temirov Live" медиаларына Кылмыш жаза кодексинин 278 -беренесинин (Массалык баш аламандыктар) үчүнчү бөлүгү ( Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) боюнча кылмыш ишин козголду.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда "Айт айт десе" жана "Temirov Live" медиаларынын соцбаракчаларынан массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материал жарыяланганы аныкталган. 

 Учурда ИИМдин тиешелүү кызматтары бир канча даректер боюнча бир катар ыкчам тергөө иликтөө иш чараларын улантууда", -деп жазылган ИИМ берген маалыматта.

Бүгүн, 16-январдын таңында "Айт, айт десе"долбоорунун жана "Темиров LIVE", "Арча медиа" медиасынын жана "ПолитКлиника" басылмасынын журналисттеринин үйүндө тинтүү болду. Укук коргоо кызматкерлери жалпы он адамды суракка алып кеткени айтылды. 

 

Автор: Улукбек кызы Асем > 333 статей