БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

ИИМ кармаган журналисттер 48 саатка камалды

ИИМ кармаган журналисттер 48 саатка камалды

Милиция суракка алып кеткен журналисттер. Коллаж: "Азаттык"

Ички иштер министирлигинин Тергөө кызматына суракка жеткирилген 11 журналист убактылуу кармоочу жайга 48 саатка камалды. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев өзүнүн социалдык түйүндөгү баракчасына жазды.

Жоошевдин айтымында, кармалгандардын бардыгына Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен айып коюлууда.

Кармалгандардын баары аларга коюлган айыпка макул эместигин айтып жатышат.

Кыргызстанда 16-январда эртең менен ондой журналисттин үйү тинтүүгө алынып, ИИМдин кызматкерлери сурака алып кетишкени маалымдалган. Министрлик журналисттердин суракка жеткирилиши боюнча маалымат берип, "Айт айт десе" жана "Temirov Live" каналына жарыялаган материалдар боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген.

"16-январда аталган кылмыш ишинин алкагында ИИМдин Тергөө кызматы бир нече дарек боюнча тинтүү иштерин жүргүздү. Жогоруда аталган басылмаларга тиешеси бар жарандардын жашаган үйлөрүн тинтүү учурунда далил катары документтер, уюлдук телефондор, фотоаппараттар, ноутбуктар, компьютерлер, планшеттер, техникалык каражаттар жана банк карталары табылды", - деген мекеме.

Мекеме аталган каналдын баракчаларына жарыяланган материалдарга карата соттук-лингвистикалык экспертиза дайындаган. 12-январда анын кортундусу чыгып, "Айт айт десе", жана "Temirov Live" баракчаларындагы материалдарда массалык башаламандыктарга чакырыктардын белгилери бар деп аныкталган.

Автор: Улукбек кызы Асем > 333 статей