БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

ИИМ Орусияда кыргыз кыздары боюнча видео кайрылуу жасаган жарандарды аныктады

ИИМ Орусияда кыргыз кыздары боюнча видео кайрылуу жасаган жарандарды аныктады

Сүрөт: ИИМ

Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү миграцияда жүргөн кыргыз кыз-келиндерди тартипке саларын видео кайрылуу аркылуу эскерткен кыргызстандык жарандар менен жолугуп, түшүндүрүү ишин жүргүздү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы 16-августта маалымдады.

ИИМ бул боюнча Орусиядагы өкүлчүлүккө тапшырма бергенин билдирди. 

Анын негизинде видео кайрылуу жасаган жарандардын тек-жайы такталып, алар Москвадагы ИИМ өкүлчүлүгүнө чакырылган.

"Аларга түшүндүрүү иши жүргүзүлүп, ар бир жарандын укугу мыйзамдын негизинде корголо тургандыгы эскертилди. Аягында алар өзүм билемдик менен мыйзамдарды бузган аракеттерге барбай турганын билдиришти. Мыйзамды билбегендик кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт"-деп жазылган ИИМдин маалыматында.

15-августта социалдык тармактарда отуздай кыргыз жарандарынын Орусияда иштеген кыргызстандык кыз-келиндер "жүрүм-турумун оңдобосо, чара көрүшөрүн эскерткен" видео кайрылуусу жарыяланган. Алардын бул кайрылуусу кызуу талкууга алынып жаткан.

Автор: Улукбек кызы Асем > 321 статей