БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
ИИМ: түрмөдө опузалап акча талап кылгандар аныкталды
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери менен Жазаларды аткаруу кызматы эркинен ажыратылган жайларда акча каражатын опузалап талап кылган соттолуучуларды аныкташты.
Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, узак мөөнөткө соттолуп, жазасын өтөп жаткандар эркиндикке чыгып жаткан жарандан акча каражатын опузалап талап кылган. Алар шантаж жана коркутуу жолу менен өздөрүнө уюлдук телефон сатып алууга мажбурлашкан.
Шектүүлөрдүн талабы боюнча тез арада төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берген тиркемелер жүктөлгөн телефон эркиндикке чыккан адамдын атына катталуусу керек болгон. Маалыматта телефондор алдамчылыкка байланыштуу кылмыш иштерин, пландарды ишке ашыруу максатында колдонулушу мүмкүндүгү айтылат.
"Бул кылмыш ишинин бетин ачуу максатында сатып алынган телефондор белгисиз жаранга (кийинчерээк опузалоочулардын биринин тууганы экени аныкталган) берилген жана ал ИИМдин жана ЖАКтын кызматкерлери тарабынан кармалган. Жеке текшерүүнүн жүрүшүндө кармалган адамдан эки уюлдук телефон табылган", - деп айтылат маалыматта.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгү (Опузалап талап кылуу) менен иш козголгон. Учурда тергөө жүрүп жатат.
Министрлик опузалап талап кылууга шектелген жарандар А.Э. жана У. С. буга чейин оор кылмыштары үчүн соттолуп, узак мөөнөткө эркинен ажыратылганын кошумчалады.
Автор: Боромбаев Максат > 157 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat