БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

ИИМ уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча жаңы мыйзам долбоорун сунуштады. Анда эмне камтылган?

ИИМ уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча жаңы мыйзам долбоорун сунуштады. Анда эмне камтылган?

Иллюстративдик сүрөт

Ички иштер министрлиги “Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдын жаңы редакциясын иштеп чыгып, 5-декабрда коомдук талкууга чыгарды. Ага ылайык, уюшкан кылмыштуулукка тиешеси бар адамдарды мамлекеттик кызматтарга албоо сунушталып жатат. Ошондой эле мындай топтогуларды ИИМ соттун чечимисиз эле борборлоштурулган каттоого ала алат.  

 

Мыйзам долбоорунун негизги максаты уюшкан кылмыштуу иштин алдын алуу механизмдерин иштеп чыгуу экендиги жазылган. Жаңы редакциянын мүнөздөмөсүндө төмөнкүлөр камтылган: 

Долбоордо укуктук глоссарийге "криминалдык иерархиядагы абалды ээлөө", "кылмыштуу чогулуш (криминалдык жыйын)" сыяктуу жаңы терминдерди киргизүү каралган.

Криминалдык иерархиядагы абалды ээлөө - бул адамдын уюшкан кылмыштуулуктун ишин координациялоо боюнча криминалдык статусунун болушу. Ал эми кылмыштуу чогулуш (криминалдык жыйын) – уюшкан кылмыштуулуктун өкүлдөрүнүн чогулушу.

Мыйзам долбоордун 6-беренесинде Министрлер кабинетинин ыйгарым укуктары көрсөтүлгөн. Ага ылайык, уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенген эл аралык уюмдарга Кыргызстандын мүчө болушун камсыздайт. Ошондой эле ыйгарым укуктуу органдардын материалдык-техникалык жактан тийиштүү деңгээлде жабдылышын камсыз кылат. Мындан тышкары жеке курамдын жана алардын үй-бүлөсүн коргоо жолдорун иштеп чыгат. 

Мыйзамда уюшкан кылмыштуулукка тиешеси бар адамдарга алдын-ала чара көрүү беренеси камтылган. Анда ошол жаранга расмий эскертүү, борборлоштурулган эсепке алуу, борборлоштурулган каттоодо турган адамдарга карата атайын чектөө чараларын колдонуу жана бир нече чаралар жазылган. 

Борборлоштурулган эсепке алуу - уюшкан топтордун кылмыштуу ишине тартылышы мүмкүн болгон адам жөнүндө маалыматтарды базага киргизет жана көзөмөлдү күчөтөт.

Расмий эскертүү - ыйгарым укуктуу органдын кызматкери уюшкун кылмыштуу топтун мүчөсүнө же тиешеси бар адамга КРнын Конституцисын жана мыйзамдарын сактоону, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин чектебөөнү эскертет. Ошондой эле мыйзам бузуунун юридикалык кесепеттерин түшүндүрүү менен кылмыш же укук бузууларды жасабоого карата жазуу жүзүндө талап коет. 

Учурда иштеп жаткан мыйзамдагы "Ыкчам-алдын алуучу каттоого коюу" беренеси "Уюшкан кылмыштуулуктун лидерлерин жана мүчөлөрүн борборлоштуруп каттоо"  болуп өзгөртүлүп, мөнөөтү алып салынган. Мурун соттун актысы чыгарылган учурдан тартып, алты айдан үч жылга чейинки мөөнөт белгиленген. Мындан сырткары каттоого соттун чечими менен гана коюу каралса, сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда 14-берене киргизилүүдө. Анда борборлоштурулган каттоодо турган адамдардын маалыматтар базасын кармоочу болуп Ички иштер министрлиги эсептелет. 

Ошондой эле борборлоштурган каттоого алуу, каттоодон чыгаруунун негиздери келтирилген. Анда каттоодон алуунун алты пункт кошулган. 

Ал эми мыйзам долбоордун 15-беренесинде борборлоштурулган каттоого коюлган адамга көзөмөл жүргүзүүчү орган ИИМ болот. Мекемеге алардын банктык эсептери, анын ишмердиги жөнүндө маалымат алып туруу, жашаган жерин өзгөртүүсүнүн себеби жөнүндө же анын ишинин мүнөзү тууралуу маалымат алууга мүмкүндүк берилген. 

Эске салсак: 4-октябрда кримтөбөл Камчы Көлбаев УКМКнын атайын операциясы учурунда өлтүрүлүп, ага тиешеси бар 40тан ашык жаран кармалганы кабарлаган. Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев байма-бай эл алдында Кыргызстанда мындан ары "Көлбаев, Матраимов деген мафия"болбой тургандыгын айтып келет. 

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей