БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

ИИМдин кызматкерлери пара талап кылууга шектелип кармалды

ИИМдин кызматкерлери пара талап кылууга шектелип кармалды

УКМК тараткан сүрөт

Кылмыш-жаза кодексинин "Опузалап пара алуу" беренесине шек саналып Ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкери, милициянын подполковниги  К.М.К жана эки адам кармалды. Бул тууралуу 1-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.

Атайын кызматтын билдиришинче, алар 29-февралда Аскер прокуратурасы менен УКМКнын кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам тергөө аракеттеринде опузалап пара талап кылган 20 миң доллардын 4 миңин алып жатканда кармалышкан. Шектүүлөр "алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин козгобойбуз" деп, жабырлануучунун унаасын өзүнө кайтарып берүү үчүн акча талап кылышкан. 

Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда кылмышка тиешеси бар башка жооптуу кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө жүрүп жатканы айтылды.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей