БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жеңишбек Жоробеков Жол коопсуздугу боюнча башкармалыктын жетекчиси болуп дайындалды

Жеңишбек Жоробеков Жол коопсуздугу боюнча башкармалыктын жетекчиси болуп дайындалды

Сүрөт: serep.kg/ Жеңиш Жоробеков

Министрлер кабинетинин төрагасынын тескемесине ылайык, Жеңишбек Жоробеков Ички иштер министрлигине караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу 29-февралда министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Жоробеков бир жылдан бери Ош облустук милициясын жетектеп жаткан.

ИИМнин маалыматына караганда, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын мурдагы башчысы Азамат Исраилов өзү берген билдирмесинин негизинде 29-февралда кызматтан кеткен.

Ал эми Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын милдетин убактылуу аткаруу милициянын полковниги Нурланбек Буркановго тапшырылды. Ал мурда Араван районунун ички иштер бөлүмүнүн жетектеген.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей