БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Тазабек Икрамов: журналисттерди суракка алып, үйүн тинтүү демократияга терс таасирин тийгизет

Тазабек Икрамов: журналисттерди суракка алып, үйүн тинтүү демократияга терс таасирин тийгизет

Тазабек Икрамов

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов журналисттердин үйлөрүнө тинтүү жүргүзүлүшү жана суракка алынышы өлкөдөгү сөз эркиндигине, демократиялык процесстерге терс таасирин тийгизерин билдирди. Эл өкүлү мындай пикирин социалдык түйүндөгү баракчасына жазып, бул кадам эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууда ишенбөөчүлүк жаратарын белгиледи. 

"Буга чейин укук коргоо органдары тарабынан 24.kg маалымат агенттигинин кызматкерлери суракка чакыртылса,  бүгүн таң эрте онго жакын журналисттердин "баш аламандык уюштуруу" шеги менен үйлөрүнө тинтүү жүргүзүлүшү жана суракка алынышы өлкөдөгү сөз эркиндигине, демократиялык процесстерге терс таасирин тийгизет. Бул кадам эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууда ишенбөөчүлүк жаратат. Укук коргоо органдары мыйзам чегинде иш алып барат деп ишенем", -деди ал.

Кыргызстанда 16-январдын таңында ондой журналисттин үйү тинтүүгө алынып, учурда алар Ички иштер министрлигинин тергөө кызматында сурак берүүдө. Алар - "ПолитКлиника" медиасынын журналисти Тыныстан Асыпбек, "Айт, айт десе" жана "Темиров LIVE" долбоорлорунун кызматкерлери Махабат Тажибек кызы, Сапар Акунбеков, Жоодар Бузумов, Айка Бейшекеева, акын, аткаруучу Азамат Ишенбеков, Максат Тажибек уулу, "Алга медианын" негиздөөчүсү Актилек Капаров жана "Арча медианын" журналисти Сайпидин Султаналиев.

Ички иштер министрлиги журналисттердин суракка жеткирилиши боюнча маалымат берип, "Айт айт десе" жана "Temirov Live" каналына жарыялаган материалдар боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди. Мекеме аталган каналдын баракчаларына жарыяланган материалдарга карата соттук-лингвистикалык экспертиза дайындаган.

12-январда экспертизанын кортундусу чыгып, "Айт айт десе", жана "Temirov Live" баракчаларындагы материалдарда массалык башаламандыктарга чакырыктардын белгилери бар деп аныкталган. Экспертизанын жыйынтыгы менен Кылмыш-жаза кодексинин 278 –беренесинин ("Массалык баш аламандыктар") үчүнчү бөлүгү ("Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") боюнча кылмыш иши козголгон.

Автор: Улукбек кызы Асем > 333 статей