БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Илгиз Шаменов: Кемпир-Абад иши боюнча үч иш табышмактуу түрдө кыскартылды

Илгиз Шаменов: Кемпир-Абад иши боюнча үч иш табышмактуу түрдө кыскартылды

И.Шаменовдун "Фейсбук" баракчасынан алынды

Кемпир-Абад иши боюнча шек саналып кармалган Орозайым Нарматованын, Талант Эшалиевдин жана Эмил Жайчиевдин кылмыш иштери кыскартылды. Бул тууралуу ушул эле иш боюнча Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан жарандык активист Илгиз Шаменовдун (Илгиз Сарылдык уулу) Фейсбуктагы баракчасына жарыяланган  абактан жазган кайрылуусунда айтылат. Илгиз Шаменов катында бир жарым жылдан бери эч кандай негизи жок эле абакта жатканын кошумчалаган.

 

“2022-жылы октябрь айында Кемпир-Абад берилбесин деген ой пикирибиз үчүн, жалпысынан 29 адамга кылмыш иши козголуп, 27 адам камалганбыз. Аны баарыңыздар билесиздер. Арадан дээрлик бир жарым жыл убакыт өттү, анын ичинен табышмактуу сырлар менен сотко жетпей үчөөнүн иши тергөөдөн бөлүнүп, кыскартылып кетти. Орозайым Нарматова, Талант Эшалиев, Эмил Жайчиевдердин кылмыш иштери кыскарды. Биринчи Май райондук сотуна болсо 25 айыпталуучунун иши өткөн эле, бүгүнкү күндө 9 адам СИЗОдо мыйзамсыз жатабыз. Калган 16 айыпталуучунун кээ бирин ден соолугуна байланыштуу, кээ бири менен жең ичинен соодалашып, кыскасы ар кандай жагдайлар менен абактан чыгарышты”, - деп айтылат катта.

Милиция Орозайым Нарматова менен Илгиз Шаменовду 2022-жылдын октябрь айында Орусиядан кармап келген. Мунун алдында - 25-октябрда Орозайым Нарматованын Фейсбуктагы баракчасына видеокайрылуу чыккан. Анда Илгиз Шаменов, активист Тилекмат Кудайберген уулу, манасчы Дөөлөт Сыдыков жана дагы бир активист Эмил Жайчиев Москвада туруп кыргызстандыктарга кайрылуу жасаган. Орозайым Нарматова камакта отурган блогерлерди жана “Кемир-Абадды коргоо” комитетинин мүчөлөрүн бошотууга чакырган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен 9 киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Талант Эшалиев , Орозайым Нарматова, Эмил Жайчиевдин иши кыскартылганы тууралуу укук коргоо органдары комментарий бере элек.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар отурумдарды ачык өткөрүү талабын коюп келишет.

Автор: Мамасадыкова Кенжебү > 58 статей