БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

«Илгизди батирлүү кылабыз». Таалайбек Сарыбашов байгеси берилбей калган мугалим тууралуу үн катты

"Илгизди батирлүү кылабыз". Таалайбек Сарыбашов байгеси берилбей калган мугалим тууралуу үн катты

Сүрөт: Ош мэрия/ 2021

Жогорку Кеңештин депутаты, Ош шаарынын мурдагы мэри Таалайбек Сарыбашов жаш мугалим Илгиз Шамырзаевге берилбей калган батир боюнча социалдык тармактагы баракчасына пикирин жазды.

 Ал ошол убакта «Жылдын мыкты мугалими» сынагынын жеңүүчүсүнө батир берүү үчүн «Эмаком» курулуш компаниясы демөөрчү болгонун айтат.

«Компания толук агайга берилчү батирге жооптуу болчу. Бирок жаш мугалимди ар кайсы эшикти каккылашын мен да каалабайм. Ушундай болбосун деп экөөнү буга чейин эле сүйлөштүрдүм эле. Маселе чечилбеди. Юристтерге айтып, »мугалимдин колундагы документтерди карап чыккылачы« дедик. Мен дайым мугалимдерди колдоп келгенмин. Анткени мени да мугалим тарбиялаган. Эл катары миграцияда жүрүп, батирлеп жашаган адамдардын абалын абдан жакшы түшүнөм. Илгиз агайдын батир маселесиндеги убадасы, юридикалык жактан тастыктаган документтерди колу менен берген тиешелүү адамдар чечип бербесе да, мен чечип берем. Бүгүн жардамчыларым аркылуу Илгизге да айттырдым. Илгизди батирлүү кылабыз. Илгиздин эч качан мугалимдик кесиптен көңүлү калбашы керек. Ар бир нерсенин артында жакшылык бар»,-деген Сарыбашов.

Ош шаарында «Жылдын мыкты мугалими» жана «Заманбап мугалим» сынактарында эки батир утуп алган Илгиз Шамырзаев ушул күнгө чейин белегин ала электигин билдирди. Ал «Азаттыкка» курган маегинде мурдагыдай эле убактылуу батирде жашап жатканын айткан. Жаш мугалим сынактарды өткөргөн уюштуруучуларга нааразы экенин белгилейт. 

Баш байгеге батир коюлган «Жылдын мыкты мугалими» сынагын Ош шаардык билим берүү башкармалыгы 2021-жылы уюштурган. Жеңүүчү катары шаардагы №52 «Кыргыз-түрк достугу» мектеп-лицейинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Илгиз Шамырзаев табылып, байгени ошол кездеги мэр Таалайбек Сарыбашов тапшырган.

Ал эми «Заманбап мугалимди» «Билим азыгы» коомдук бирикмеси өткөргөн.  Сынак өлкөнүн түштүк аймагындагы үч облустун мугалимдери арасында 2022-жылы уюштурулган.

Автор: Улукбек кызы Асем > 353 статей