БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Иликтөө: корук аймакка үй салган Мелис Мырзакматовдун инисинин иши сотко өттү

Иликтөө: корук аймакка үй салган Мелис Мырзакматовдун инисинин иши сотко өттү

Сүрөт: Т-Медиа

Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги корук зонага курулуш жүргүзгөн Нурлан Мурзахметовдун иши сотко өттү. Бул тууралуу Ош шаардык курулушту көзөмөлдөө мекемеси "Т-Медиага" билдирди. 

"Мурзахметов сот отурумуна үч жолу келбей койгондуктан, үч ирет жылдырылды. Биз курулушту сүрдүрүү, жерди мурдагы калыбына келтирүү боюнча сотко арыз бергенбиз" - дейт шаардык курулушту көзөмөлдөө кызматынын инспектору Илхом Курбанов. 

Биздин редакция Нурлан Мурзахметовго байланышып,  эмне себептен сот жараянына барбай жатканы тууралуу маалымат алууга аракет кылды. Бирок, ал комментарий берүүдөн баш тартты.

Мындан үч ай мурда "Т-Медиа" редакциясы иликтөө даярдап,  Ак-Буура дарыясынын жээгине Ош шаарынын мурунку мэри Мелис Мырзакматовдун иниси, Ош шаардык кеңешинин экс-депутаты Нурлан Мурзахметов курулуш жүргүзүп жатканын ачыктаган. Анда курулушту көзөмөлдөө кызматы, шаардык архитектура башкармалыгы курулушка уруксат албаганын айтышкан. Аталган курулуштар дарыянын 50 метр суу корук зонасында жайгашкан. Иликтөөдө дарыя жээгин, ал тургай суунун үстүн жеке менчигине алган Оштогу бир канча жетекчилер тууралуу баяндалат. 

Белгилей кетсек, Өкмөттүн 1995-жылдагы токтомуна ылайык  дарыя жээгине курулуш жүргүзүүгө жана жеке менчикке берүүгө тыюу салынган.

Автор: Осмонова Айдана > 791 макала