БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Мыйзамсыз ээленген жер, миллиондорду тегереткен терминал. Иликтөө

Мыйзамсыз ээленген жер, миллиондорду тегереткен терминал. Иликтөө

Сүрөт: "Т-Медиа"

Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагында жайгашкан Бажы терминалын "МегаКомпани" ЖЧКсы дээрлик үч жылдан бери мыйзамсыз иштетип келет. Аталган компания алты гектардан ашуун жерди өз билемдик менен тосуп алып, курулмаларды куруп алган. 

2021-жылдын 1-мартында Жоош айыл өкмөтүнүн жайыт комитети Ак-Таш айылындагы 1 гектар 47 сотых жайыт жерди "МегаКомпани" компаниясына үч жылга ижарага берүү боюнча келишим түзгөн. Ага улай айыл өкмөт өзү дагы 50 сотых жерди ижарага берген. Анда аталган компания жерди көрктөндүрүп, эс алуучу борбор курам деп билдирген. Ага ылайык  биринчи жылы айыл өкмөттүн казынасына 40 миң сом, экинчи жылы 50 миң сом, үчүнчү жылы 70 миң сом төлөм жүргүзүү макулдашылган.

"МегаКомпаниден" үч жылда 120 миң сом алуу үчүн  Жоош айыл өкмөтүнүн жайыт комитети, ага чейин аталган жерди ижарага алган бир катар жергиликтүү тургун  менен болгон келишимди негизсиз жокко чыгарган. Алардын бири Мизамидин Аблазов - Каратай айылынын тургуну жолдун боюндагы бош жаткан жерди 2021- жылы беш ижарага алып, бак тигүүнү көздөгөн. Жердин ташын терип, тегиздетип топурак шагыл төктүрүп, 200 миңден ашык чыгашага кептелген.

"Биринчи 2,5 гектар алдык эле. Бир аз убакыт өткөндөн кийин айыл өкмөттөн келип, инвесторлор келип атат, жогору жагын берели деп келген, биз макул болуп, 1,30 гектарын бергенбиз. Азыр бизге 1,20 гектар. Иштетебиз деп, тегиздеттик, чукур жерлерге топурак төктүк. Кышта келип бул жерге контейнерлер коюлуп калыптыр, о болуптур, бу болуптур деп, биздин жерибизди да жокко чыгарып, башка бирөөлөргө бергенби же акчалуу адамдарга бергенби, ал жагы мага караңгы. Бирок биздин жерди жокко чыгарып койду да. Контейлерге кимдики, ээси ким, билбейм деле" - деди Мизамидин Аблазов.

"МегаКомпани" жоопкерчилиги чектелген коому Юстиция министрлигинде мындан алты ай мурда кытайлык кыргыз Токтобүбү Оргалчанын менчиги болуп катталып турган. Директору катары аны жолдошу Нуруслан Балтабаев көрсөтүлгөн. Эл аны Нургазы деп тааныйт. Азыр болсо компания Нуруслан Балтабаевдын биринчи турмушундагы уулу Чыңгызбек Балтабаевдин атына катталып турат.

Жайыт комитетинен 1,47 гектар  жерди ижарага алган менен 2021-жылы компания 2,57 гектар  жерди тосуп алган. Ал жерге  удабаланган эс алуучу жай эмес "МегаКомпани" автотоктомо курган. Кыргыз Республикасынын "Жайыттар жөнүндө" мыйзамына ылайык, жеке жана юридикалык жактар жайыттарды төмөнкү максаттарга гана пайдалана алышат:

- эс алуу үчүн;

- жапайы өскөн мөмө, жемиш, козукарын, башка тамак-аш азыктарын жеке пайдалануу максатында чогултуу;

- дарылык-техникалык чийки затты чогултуу жана бал аарычылык;

- маданий-ден соолукту чыңдоочу, туристтик жана спорттук иш-чараларга катышуу.

Жайыт жерге автотоктомо курууга мыйзам жол бербегени менен көп өтпөй ал жакка Түштүк-Бажынын терминалы көчүп барган. Дал ошол күндөн тарта Кытайдан чыккан транзиттик жүктүн 90%ы дал ушул терминалдан эсепке алына баштаган. "МегаКомпани" муну менен чектелбей жыл сайын өзүнүн кулачын жайып отурган. 2023-жылдын башында тартылган сүрөттө терминал жайгашкан жер эки жылда 6,8 гектар аймакты ээлеп калганын көрүүгө болот.

Дагы бир гектардан ашуун жерде ушул эле компанияга таандык контейлерлер коюлган. Бул үчүн "МегаКомпани" эч кимден расмий уруксат сураган эмес.

Компания терминалды иштетишине ушул жылдын башында айылдыктар нааразы болуп чыгышкан. Аларга Токтобүбү Оргалча менен жолдошу Нурслан Балтабаев жолугуп, аймакка социалдык объект куруп берүүнү убада кылышкан дейт айылдык кеңештин депутаты Улукбек Таштемир уулу.

"Айыл көтөрүлүп, нааразычылыбызды билдиргенде, компания келип, "айылыңарда бала бакча жок экен, биз куруп беребиз. Жериңер барбы?" дешти. Жер бар деп, эски мектептин ордуна бала бакча куруу үчүн токтом чыгарып бердик. Бирок алар "мектеп эски экен, жаңы курабыз, сүрдүргүлө" дешти. Анан айылдык жаштардын фондунан акча алып, жаштар курган спорт залды сүрдүк. Бирок алар бүгүнкү күнгө чейин басып келген жок.  Элге да аябай эле зыянын тийгизди". 

Азыр терминалдан күнүнө орто эсеп менен 200-250 унаа кирип чыгат. Жай мезгилдери алардын саны 300дөн ашат. Ар бир жүгү бар унаа ушул жайга киргендиги үчүн 3500 сом, ашыкча жүгү барлар 4500 сом, бош унаалар 500 сом төлөшөт. Жүктү бир унаадан экинчи унаага көчүрүү акысы 4000 сом. Бул минималдуу эсептегенде күнүнө 2 млн сом киреше.

"Бул жерде акча көп. Силер айткан 2 млн мындай эле. Биз жалаң эле чет элдик фирмаларын жүгүн ташыйбыз. Кытайдан чыгарыбыз менен бирөө тосуп алып, "Каратайдагы бажыга бара бер" дейт. Келсек мында бирөө тосуп алат. Унааны таштап коюп үйгө кете  беребиз, өздөрү документти бүтүрүп байланышышат. Анан Өзбекстанга кирип кетебиз. Бир кирип-чыгышыбыз 100 доллар. Кээде андан да көп кетет. Ош облусунун аймагында эле 4 миңден ашуун жеке фура айдаган адам бар. Алардын дээрлик баары ушул бажыдан катоодон өтөт", -дейт айдоочулардын бири.

Мындай наркты компания өзү коюп алган. Монополияга каршы кызматы биздин милдетке кирбейт десе, облус жетекчилиги бул компаниянын ички саясаты деп айтты. Бул төлөмдөр бажы кызматына которулбайт. Түштүк-Бажынын кызматкерлери ушул жерде отурганы үчүн өздөрү "МегаКомпаниге" ижара акы беришет. "Эмнеге мамлекеттик мекеме мыйзамсыз  курулган автотоктомого көчүп барды? Эмнеге мыйзамсыз ишти баштаган компания менен келишим түздү?" деген суроого Бажы кызматы түшүндүрмө берген жок. Тек гана ЕАЭБдин талаптарына ылайык иштеп жатышканын, "Мегакомпанинин" финансылык жана чарбалык иштерине кийгилишпей турганын маалымдашты.

Мыйзамсыз ээленген жерде бир канча курулмалар бар. "МегаКомпани" аларды эч кандай долбоору жок эле курган. Аймактагы архитектура, өзгөчө кырдаалдар, экология, суу  башкармалыктарынан уруксат кагаз, техникалык шарттама алган эмес. Коррупцияга каршы керектөөчүлөрдүн укугун коргоо комитети коомдук бирикмесинин төрагасы Нурали Байтемиров бажы терминалындагы мыйзамсыз иштер мындан да көп экендигин айтып берди.

"Ал жерде иштеп жаткандардан бизге кайрылуу жана арыздар түшкөн. Себеби алар эмгек келишимине ылайык, айлыкты өз убагында алышпайт. Иштеп жаткан адам пенсияга чыгыш керек. Ал үчүн соцфонд, салык төлөш керек. Ушул жагдайлар болбогондуктан биз катуу көзөмөлгө алдык. Ал жерде жүк түшүрүүчү крандар бар. Алар менен да эч кандай келишим жок. Күнүнө 250, 300  унаа кирип, чыгып жатат. Алардын төлөмдөрүн көзөмөлдөгөн эч бир орган жок. Август айында менин орун басарым президенттин Ош облусундагы өкүлүнө кайрылды. Буга дагы канааттандырарлык жооп ала алган жок". 

Август айында расмий арыз түшкөндөн кийин гана жергиликтүү бийлик комиссия түзүп, терминалды текшерүүгө алган. Бирок анда эмнегедир төлөнбөй жаткан маяна, келишими жок ишмердик тууралуу эч нерсени укпактыр. Жердин кыртышын бузуп, айрым курулмаларды курганы үчүн гана жалпы 300 миң сомдон ашыгыраак айып пул салынган.

"Комиссиянын жыйынтыгында айып пул салынды. Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматы жана ГАСК тарабынан жалпы 300 миң сомдон ашуун. Биз сунуш бергенбиз, бүгүнкү күндө тиешелүү документтери даярдалып жатат", -деп билдирди өкүлдүн орун басары Зарлык Тургунбаев. 

Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматы жалпы 5,5 сотык жайыт жердин кыртышы бузулган деп аныктаган. 13 миң сом административдик айып пул салынып, 98 миң 500 сомдук доо коюлуп өндүрүлгөн. Аталган укук бузууларды жоюу үчүн жазма буйрук берилген. Эгерде документин мыйзамдаштырбаса же жерди калыбына келтирбесе, ишти көзөмөл органдарына өткөрүп беребиз деп билдиришти аталган мекемеден.

Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынын Ош аймактык башкармалыгынын улук инспектору Даниел Ибрагимов Кыргызмамжердолборлоо мекемеси ээлеген аймактын 50 сотыкы гана бөлүгү жайыт жер деп бергенин билдирди. Деген менен мекеменин Ош филиалынын адиси Элмира Гапырова терминал орнотулуп тосулган аймакта жайыт жер жок деп маалымдайт.

"Кадастарга тапшырма берилген, "фотосьемка жасап, корутунду бергиле" деген. Сьемканын негизинде чыккан маалыматта терминал турган жер 6 гектар 8 сотых деп аныктап бергенбиз. Ал жерде 5 гектар 68 сотых жер Талдык суусуна карайт. 40 сотыхы "башка жерлер" болгон. Жайыт жер ал жерде жок болуп чыккан". 

Бирок райондук жетекчилик тосулган жерде жайыт жери бар деп ишенет. Алар өткөн жылдын декабрь айында терминал жайгашкан аймактагы 1 гектар 47 сотых жайыт жерди өндүрүш багытына которууну демилгелеп, аны айылдык кеңештин депутаттары колдоп беришти. Ошентип, "МегаКомпанинин" бир мыйзамсыз ишин бийлик өзү мыйзамдаштырды.

Талдык дарыясынын нугунун жылышынан улам пайда болгон бош жерди башка жерлер категориясына киргизип, 2023-жылдын 16-ноябрында мамлекеттин менчиги катары райондук жетекчилик көк китеп алган. Ал эми Нурслан Балтабаев Талдык суусунун эски нугун мыйзамсыз ээлеп алганы ачыкталгандан кийин Ош башкы суу чарба башкармалыгына 2023-жылдын 8-сентябрда кайрылган. Алар тиешелүү көзөмөл органдарына арыз жазгандын ордуна компанияга техникалык шарттама даярдап беришкен. Ош башкы суу чарба башкармалыгынын адиси Эркин Абдрахманов кийинки жылы май айларына чейин көрктөндүрүлбөсө анан көзөмөл органдарына кайрылышарын билдирди. 

"Биз буга чейин алардын мындай иштерин билген эмеспиз. Алар айыл өкмөт менен гана иштешип келишкен. Жергиликтүү бийлик менен келишим түзүп, ошолорго төлөгөн. Бизге келгенден кийин корутундуга таянып техникалык шарт бергенбиз. Жээгин бекемдөө иштери башталган. Жашылдандыруусун кийинки жылы баштаса керек. Ага чейин бул жер талаш жаралып турат. КРнын Жер Кодексинин 92-беренесинде "суу фондусунун жери өкмөттүн чечими менен убактылуу жана узак убакытка пайдаланууга берилет" деп жазылган. Биз аларга "эгерде жерди башка багытка пайдаланууну кааласаңар, азыркы Министрлер кабинетинен уруксат алгыла" деп айтканбыз". 

Министрлер кабинетине мындай маанидеги катты президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү жазып жиберди. Азырынча жооп келе элек. Бирок Жер кодексинин 92-беренесинде суу фондуна караган жер өндүрүш багытында иштетүүгө мүмкүн эмес экени дана жазылып турат. Жер кодексинин 92-беренесинде мынтип айтылат:

Суу фондусунун жерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен айыл, токой, балык, аңчылык чарбаларынын муктаждыктары, энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу боюнча объекттерди, жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) байланыш курулмаларын жайгаштыруу жана жер участогунун негизги максаттуу багытына каршы келбеген башка максаттар үчүн жеке жана юридикалык жактарга мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилиши мүмкүн.

"МегаКомпани" мамлекетке дагы башка төлөм жүргүзөбү деген суроо менен Салык кызматына кайрылганбыз. Бирок алар салык төлөөчүнүн купуялыгы деген жүйө менен төлөмдөрүн ачыкташкан жок. Тек гана 2023-жылдын октябрь айына карата компания 567 миң сом карыз экендигин билдиришти. Бирок ачык бюджет парталында "МегаКомпани" 2021-жылы 1 млн 600 миң сом, 2022-жылы 421 миң сом,  ал эми 2023-жылдын акыркы үч айында 4 млн 600 миң сом салык төккөнү жазылып турат.

"Т-Медиа" расмий түшүндүрмө алуу үчүн  "МегаКомпанинин" жетекчиси Нуруслан Балтабаев менен байланышты. Ал алгач маалымат берүүгө макул болгон менен, кийинчерээк суроолорубузду жоопсуз калтырды.  

Эми бийлик терминал жайгашкан аймакты толук мамлекеттин менчигине алып, терминал катары иштетүү үчүн кайра сынак жарыялоону көздөп жатат. Бирок сынакка коюу үчүн ал тилкеде үчүнчү жактын укугу болбош керек. Тагыраагы азыркысы түп тамыры менен жок кылынып, бош жер ижарага берилиши керек. Терминалдын орду бошотулабы? Качан? Качан сынакка коюлат, кандай шарттар менен, облусттук бийликтин буга азырынча жообу жок.

"МегаКомпанинин" директору катары көрсөтүлгөн Нурсланбек Балтабаев учурда "Шыдыр Жол Кей Джи" компаниясынын  ээси. Бул фирма да алгач Токтобүбү Оргалчага катталып турган. Оргалча кытайлык кыргыз. 2018-жылы кыргыз жарандыгын алып 2021-жылы шайлоого "Альянс" партиясынан катышкан. Бул айым жакында эле үй камагына чыкты. Ал алдамчылыкка шектелип абака алынган болчу.

Эсиңизде болсо 2021-жылдын июнь айында Бишкектеги маршрут айдоочулары  иш таштаган учурда президент Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова түзгөн "Үмүт булагы" коомдук фонду шаар ичине 20 автобусту коюп, элди акысыз ташыткан. Дал ошол автобустар "Шыдыр Жол Кей Джи" компаниясына тиешелүү болгон. Жапарованын фонду автобустарды аталган компаниядан ижарага алдык десе, фирманын директору Нурсланбек Балтабаев ижара акысын алышпаганын, болгону күйүүчү май куюп бергенин билдирген.

"Шыдыр Жол Кей Джи" компаниясы 2020-жылдын октябрь окуяларында дагы автобустары менен Садыр Жапаровдун тарапташтарын ташып жүргөнү менен белгилүү болгон.  

Автор: Мамасадыкова Кенжебү > 58 статей