БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Сорос-Кыргызстан" фонду аймактык медиага кандай салым кошту?

"Сорос-Кыргызстан" фонду аймактык медиага кандай салым кошту?

Башкы сүрөт. kloop.asia. "Клооптун" Журналистика мектебинин катышуучулары. 2021-жыл

"Сорос-Кыргызстан" фонду кыргыз өлкөсүндө ишмердүүлүгүн токтоторун ушул жылдын 16-апрелинде жарыялады. Серепчилер фонддун жабылышы өлкөдөгү "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамга байланыштуу деп белгилешүүдө. Алардын пикиринде, фонд өлкөдөгү бүткүл медиа менен катар аймактык журналистиканы жаңы баскычка чыгарды. Жарандык журналистиканын өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошту. Аймактагы журналисттик иликтөөлөр дооруна чоң из салып берди.  

"Сорос-Кыргызстан" фонду Кыргызстанда 30 жылдай иш алып барды. Уюм өлкөдөгү дээрлик бардык багыттардын көйгөйүнүн чечилишине колдоо көрсөтүп, ири долбоорлорду ишке ашырды. Саламаттык сактоо, билим берүү тармагындагы көңүл бурула элек маселелерди чечүүнү колуна алды. Ишкерликти, укуктук юридикалык багытты өнүктүрүүгө көңүл бөлдү. Фонддун Кыргызстанга эң керектүү учурда жардам колун сунганын бирден санасаң өзүнчө узак кеп болор. 

Бул макалада "Сорос-Кыргызстандын" аймактык журналистикага кошкон салымы тууралуу сөз кылабыз. 

"Клооптун" Оштогу Журналистика мектебин колдогон

"Сорос-Кыргызстан" фондунун аймактык журналистикага салымын салмактайын дегенде "Клооп медианын" астында түптөлгөн Журналистика мектеби эске келет. Бул мектеп 2017-жылдын күзүндө Ош шаарында ачылды. Аны колдоону дал ушул фонд өз мойнуна алган. Ошентип, басылманын Оштогу бюросу жана Журналистика мектеби удаа өз ишин баштаган. 

Мектептин максаты — Кыргызстандын түштүгүндөгү бардык жарандарга журналистиканы нөлдөн баштап үйрөтүү болчу. Ошондой эле, эл аралык журналистиканын стандарттарын үйрөтүп, практика менен айкалышкан билим берүү болгон. Эң башкысы бул мектеп заман талабына ылайык Онлайн журналистикага басым жасаган. Муну менен ал Кыргызстандын түштүгүндөгү digital (онлайн) журналистикасын окуткан алгачкы мектептердин бири болуп калды.

"Клооптун" Ош бюросунун ошол убактагы координатору Саадат Төлөгөнованын айтымында, Журналистика мектебине редактор-тренерлер кылдат тандалган. Алар медианын Бишкектеги башкы кеңсесинде атайын окуудан өтүшкөн. Натыйжада Ошто жалпы алты кызматкер (координаторду кошкондо): эки окутуучу редактор, эки видео-фото редактор жана айдоочу иштей баштаган. Мындай курам менен Журналистика мектеби 2017-жылдын соңунда алгачкы студенттерин кабыл алууга киришкен. 

"Клооптун" Оштогу Бюросу менен Журналистика мектебинин ачылышы. 2017-жыл. Сүрөт: soros.kg

Саадат Төлөгөнова алгачкы мектепте окууну каалап, билдирме жөнөткөндөрдүн саны көп болгонун эскерди. Бирок анын ичинен 15 гана студент кабыл алынган. 

"Студенттерди тандап жатканда эң негизгиси каалоосун, себебин, умтуулусун, окууга бөлчү убактысына карачубуз. Алыскы райондордон келген студенттерди жатакана менен камсыздап, ай сайын стипендия берилип турган".

Мектептин концепциясына ылайык, ага Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынан 15 гана адам кабыл алынчу. Алар үч ай окуп, материалдары "Клооптун" сайтына автордун аты-жөнү менен гана жарыяланчу. 

Журналистика мектеби бир жылда төрт жолу - жазгы, жайкы, күзгү жана кышкы мектепке кабыл алуу жарыялап турган. Анда журналистиканын негиздеринен баштап, бейтарап маалымат топтоо, аны эл аралык стандартка ылайык жазууну окуткан. Сүрөт жана видео репортаждарды тартууну үйрөткөн. Медиасабаттуулук, медиа мыйзамдар жана мультимедиалык журналистиканын элементтери окутулган. Жыйынтыгында студенттер окуунун экинчи жумасынан редактордун көзөмөлүндө материал даярдоого киришкен. Респонденттен түз интервью алып, аны жаңылык, макала форматында жаза баштаган.  

"Студенттер менен сынчыл ой жүгүрткөн журналистикага өтүүнүн үстүндө иштедик. Пресс-релиздерди тактоо, аны кайра иштеп чыгууда жаралган суроолорго жооп алуу, андагы окуянын оң-терс жагын талдап, студенттин анализдөө сезимталдыгын ойготуу керек болчу. Журналист ким, анын принциби, жоопкерчилиги, жаңылык, фичер, кепшн видео даярдоодон тарта чакан иликтөө жасаганга чейин жеткирет элек. Мунун баарын биз нөлдөн баштап үйрөтүп, ал эми иш жүзүндө баарын студент өзү жасашы керек болчу", - дейт "Клооптун" Оштогу бюросунун ошол убактагы редакторлорунун бири Гүлжан Эшбаева.

Сүрөттө Гүлжан Эшбаева менен студенттер сабак учурунда. 2018-жыл

"Клооптун" бүтүрүүчүлөрү аймактардан 500дөн ашуун материал даярдаган

"Клооптун" Оштогу ошол учурдагы редакторлорунун бири Эльвира Султанмурат кызынын айтымында, бюро ачылгандан тарта журналистикага кызыккан, жарандык активист болом деген, өз аймагындагы көйгөйлөрдү чагылдырууну каалоо менен монтаж, сүрөт, текст жазам деген 300дөй студент окутулган. Алардын эң кичүүсү 9-класстын окуучусу болсо, улуусу элүү жашта болгон. 

"Студенттер көбүнчө өздөрүнүн аймагындагы социалдык көйгөйлөргө кайрылышты. Мектептин максаты деле ошол болчу. Бийликке элдин үнүн жеткирүү, активдүү жарандарды тарбиялоо, журналистикага кызыккандарга эл аралык журналистиканын принциптерин, этиканы үйрөттүк. Алыскы аймактарда жашаган тургундар өздөрүнүн көйгөйлөрүн бийликке жеткире алышы үчүн ушундай жигердүү жарандарды окуттук. Ошондой эле мектеп студенттерге салыктан берилген бюджеттик каражаттарды кантип көзөмөлдөө керектигин, тендер темаларын чагылдырууну да үйрөттү".

Сүрөттө Эльвира Султанмурат кызы менен студенттер сабак учурунда. 2018-жыл

Ал кошумчалагандай, окутуу убагында студенттер өз аймагындагы таза суу, курулушу бүтпөгөн мектеп, бала бакча маселелерин көтөрүп, ошол көйгөйлөрдүн чечилишине салым кошкон. Алар теория менен практиканы айкалыштырып, алган билимин колдонуп материалдарды жасашкан. Ар бир жасаган эмгегине упай берилип, белгиленген упайды чогулткандар сертификатка ээ болушкан. 

"Биз аларга ишеним бердик. Алар өзүнө ишенип, талантын ачышты. Студенттерди кабыл алып жатканда баары журналист болуп кетет дегенден алыс элек. Алардын ичинен өздөрү ушул багытты тандагандары алып кетип жатышат. Калганы жок эле дегенде сынчыл ой жүгүртүүнү, медиасабаттуулукту үйрөнүп, жигердүү жаран болуп калышты".

Арафат Бекиева "Клооптун" дал ошол Журналистика мектебинин алгачкы бүтүрүүчүлөрүн бири. Өзү филолог болгону менен журналистикага кызыгуусу ушул мектепке жетелеп келгенин белгилейт. 

"Алгач эле окутуу усулу жеңил жана түшүнүктүү экенин байкадым. Текст жазуу, фотоаппаратта сүрөт тартуу, видео түшүрүү жана аны монтаждоону кыска убакытта практика менен көрсөткөн. Бул медиа мектеп мага материалды сапаттуу даярдоого үйрөттү. Менин макаламды окуган соң кишиде бир да суроо жаралбаш керек деген принцип ошол мектептен калыптанган. Ошондой эле, ар бир студент менен жеке иштешип, ар бирине өзгөчө колдоо берчү. Мен 1,5 жаштагы баламды көтөрүп барып окуган учурларым болгон. Балама да шарт түзүп беришкен".

Ал көп өтпөй "Клооптон" алган билим, тажрыйбасынын негизинде "Турмуш" басылмасынын Оштогу бөлүмүнө жумушка кабыл алынган. 

"Клооптун" Журналистика мектебинин бүтүрүүчүлөрү жана редакторлору сертификат алуу учурунда. 2018-жыл

"Клооптун" Оштогу бюросунун ошол убактагы редакторлорунун бири Гүлжан Эшбаева белгилегендей, редакциянын Журналистика мектеби студенттерди гана окутпастан, жергиликтүү журналисттер үчүн тренингдерди байма-бай уюштуруп турган. Аларга ар түрдүү темада жаңы көндүмдөр үйрөтүлүп, тажрыйбасын өркүндөтүүгө шарт түзүлгөн.  

"Журналистика мектебине маалымат катчылар, гезит редакторлору, Ютубдагы активдүү инфльюнсерлер, телеканалдын кызматкерлери жана SMM адистер келип окуган учурлар болду. Тренингдерибизге Оштогу кесиптештер менен катар университеттердин мугалимдери катышчу. Алар алган билиминин негизинде материалдарды жасап, сайтка жарыялап турушту". 

"Клооптун" Оштогу журналистика мектебинин бүтүрүүчүлөрү учурда жергиликтүү "Т-Медиа", "ОшТВ", "Турмуш", УТРК Ош (мурдагы Ынтымак КРТРК) медиаларында иштегенге жетишти. Айрымдары эл аралык "Азаттык", BBC басылмалары менен кызматташууда. Кээ бирлери коомдогу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган ири долбоорлордо активдүү иштеп келет. 

"2018-жылы "Клооптун" Күзгү мектебин бүтүргөм. Ал кезде журналистика адистигинин 2-курсунда окучумун. Мектеп аябай пайдалуу болгон. Текст жазуу, видеоматерил жасоо, социалдык тармакта иштөө, интервью алууну иш жүзүндө "Клооптон" үйрөнгөм. Сөз эркиндиги, көз карандысыз медиа, журналисттик этика тууралуу ушул мектептен билип, өз багытымды тандагам. "Клооп" — жаңы кадам таштаган журналистти акырына чейин сүрөп, анын бул сферада калуусуна чоң салымын кошчу редакция. Ар бир жаран ушул мектепке тапшыруусун каалайт элем. Анткени алар журналист болбосо да, медиасабаттуу болуп чыгарына ишенем", -дейт учурда "Т-Медиада" SMM адис болуп иштеп жаткан Аймээрим Дарбанбек кызы.

""Ынтымак" конвергенттик журналистиканын эталону болчу"

"Сорос-Кыргызстан" фондунун аймактык журналистикага колдоо салган назары "Клооп медиа" менен гана чектелбейт. Алты жыл мурун ошол кездеги "Ынтымак"  (азыркы УТРК Ош) "Сорос" фондуна долбоор жазып, каржылык колдоо утуп алган. Бул долбоордун максаты аймактык журналистиканы өнүктүрүү болгон. Ага ылайык, башка облустук телеканалдардын адисин Ошко алып келип, универсал журналистикага үйрөтүп, тажрыйба топтоосуна шарт түзүлгөн. 

"Анда мен "Ынтымак" телеканалында иштейт элем. Ошондо аталган компания конвергенттик журналистиканын эталону болчу. Анткени телеканал, сайты, радио, соц тармактагы баракчалары активдүү иштейт эле. Гезити да чыккан. Бир учурда анын баарын колдонуп иштеп турган. Биздин долбоор колдоого алынып, аймактагы кесиптештерибизди алып келип тажрыйба алмашканбыз. Аларды сайтка материал даярдоону, онлайн сервистерди колдонуу, телеканалдын форматы менен радиого материал жасоону үйрөткөнбүз. Ошонун жыйынтыгы болуп, алар азыр белгилүү конвергенттик редакцияларда иштеп жатышат. Ушундай долбоорлор келечекте дагы болсо деп каалайт элем. Бул жөн эле кайсыл тармакта болбосун маалымат жеткирүүдө универсалдуулукту үйрөтүүчү платформа болот", -дейт ошол жылдагы бул долбоордун координатору, учурда "Ош жаңырыгы" гезитинин башкы редактору Асанбек Каракозуев.

"Ынтымактын" кызматкерлери аймактардан келген кесиптештери менен. 2018-жыл

Ал эми Адилет Иманов дал ошол долбоордун катышуучусу болгон. Анда ал Ысык-Көл облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясында журналист болуп иштеп жаткан.

"Дата журналистика, фактчекинг, инфографика, лонгрид сыяктуу онлайн сервистерди ошол окутуудан билдим. Журналистикадагы жаңы ыкмаларды ошол жерден үйрөндүм. Бир эле учурда сюжет, сайтка маалымат берүүнү үйрөнө алдым. SMM дегенди кулактын сыртынан эле угуп жүрсөк, долбоордун жүрүшүндө аны терең үйрөндүк. Тилекке каршы, ал кезде мен иштеген жерде бул түшүнүк актуалдуу болбогону үчүн кийин көп колдоно албадым. Сүйүндүргөнү "окуп келипсин, мага үйрөт" деген кесиптештерим да болду. Бирок жалпылап айтканда, ал жерде алган тажрыйбанын кесиптик ишмердүүлүгүмө пайдасы көп болду. Жалпы бир ай жүрдүк. Журналисттик билимден сырткары, башка аймактарды көрүп, кесиптештер менен таанышып кайттым"

Сүрөт тажрыйба алмашууга келген журналисттердин сертификат алуу учурунда тартылган. 2018-жыл

Таиржан Турсуналиев атындагы медиа мектеп жана "Сорос"

"Сорос-Кыргызстан" колдогон долбоорлор "Клооп медиа, "Ынтымак" (азыркы УТРК Ош) менен эле чектелбейт. Фонддун астында Оштогу Таиржан Турсуналиев атындагы медиа мектеп барандуу долбоорлорду ишке ашырды. Бул мектеп жарандык активизм, жарандык көзөмөлдү күчөтүү, мамлекеттик органдардын ишинин так аткаруусун көзөмөлдөгөн берүүлөрдү даярдап келди. Фейк маалыматтар менен күрөшүүгө арналган бир канча окутууларды өткөрдү.

"Фонд колдоо көрсөткөн акыркы долбоорубуз "Фейк көзөмөл" деген болду. Анда биз Жалал-Абад жана Баткенден катышуучуларды кабыл алып, фактчекинг, медиасабаттулукту үйрөткөнбүз. Катышуучулар практика кылып, өздөрү материал жасашкан. Тендерлерди текшергенди үйрөнүшкөн. Алар жасаган материалдарга жергиликтүү бийликтен реакция болуп жатты. Ага чейин "Жарандык көзөмөл" аттуу программаны алып чыкканбыз. Анда  мамлекеттик кызматтардын сапаты текшерилчү. Бул программанын ондон ашуун берүүлөрү чыкты жана мамкызматтардын сапатынын жакшырышына салым кошо алды. Пандемия учурунда атайын роликтер, шайлоо убагында "Добушуңду сатпа" аттуу түшүндүрмө роликтерди жасап турдук", -деди Таиржан Турсуналиев атындагы медиа мектептин жетекчиси Даяна Данияр кызы.

Жалал-Абадда өткөн фактчек боюнча тренинг. 2022-жы

"Көз карандысыз журналистиканы сактап калуу кажет"

Ал эми Тынымгүл Эшиева 2018-2022-жылдары "Сорос-Кыргызстан" фондунун "ЖМКларды өнүктүрүү" программасын жетектеп турган. Ал өзү эмгектенген бул убакыт аралыгында кыргыз журналистикасын өнүктүрүүгө арналган ондогон долбоорлор ишке ашканын белгиледи. Эшиеванын айтымында, ал кезде фонддун каржылык колдоосу максаттуу жана операциялык болуп эки багытта берилип келген. Бул үчүн алгач ачык сынак жарыяланып, билдирмелер кабыл алынган. Андан соң эксперттик комиссия жыйынтык чыгарып, уткан командага каржылык колдоо берилип келген.

"Иликтөө, ачык булактар менен иштөө, жарандык журналистика, медиасабаттуулук боюнча көп долбоорлор ишке ашты. Журналисттерге укуктук жардам көрсөтүү жагынан "Медиа полиси институтуна" көп колдоо бердик. Бишкектеги, Оштогу "Клооп" редакциясын, "Кактус Медиа", "Фактчек.kg" сайттарын жыл сайын колдоп турдук. Ошондой эле, “Медиасабак” уюму менен мектептердеги медиасабаттуулук боюнча иштер аткарылды. Оштогу "Т-Медиа" менен аймактагы журналисттик иликтөөлөрдү өнүктүрүү багытында иштештик. Пандемия учурунда "Тогуз-Торо" радиостанциясынын программаларды даярдоосуна колдоо көрсөттүк. Аймактык журналистиканы өнүктүрүү боюнча Нарында, Ошто ири форумдар өттү. Кыргыз тилдүү журналистиканы өнүктүрүү максатында "ПолитКлиника", "МедиаХаб" менен иштештик. "Медиа Жаса" сыяктуу медиа долбоордорду ишке ашырдык. Кыргызстандагы редакциялардын көп бөлүгү "Сорос Кыргызстан" фондунун долбоордук каражаты менен контент жаратып келди. Эми азыр фонддун ошондой колдоосу токтотулганы терс көрүнүш болуп турат. Бирок көз карандысыз журналистиканы сактап калуу кажет. Бул үчүн ар бирибиз өз ишибизди мыкты деңгээлде аткара беришибиз керек".

Медиасерепчи Нурлан Адаев ""башка бир катар мамлекеттерде мамлекеттик буюртма программалары иштейт дейт. 

"Анда мамлекет бюджеттен акча алган ЖМКлардан эмес, көз карандысыз медианы каржылап, көйгөйлөрдү бейтарап чагылдырып, аларга жеткирип берүүсүн суранат. Алар ошол каражаттын негизинде контент жаратат. Ошондой эле, техникалык мүмкүнчүлүгүн жакшыртышат. Бизде андай мамлекеттик программалар жок. Биздин өлкөдө бул идеяны ишке ашырганга караганда мамлекеттик медиа жасаган контентке таянуу, ишенүү ыңгайлуурак болуп турат. Ошондуктан көз карандысыз редакциялар бейтарап контент жасоо үчүн донорлордон каржылык колдоо издөөгө аргасыз"

Бул макаладагы фактылар "Сорос-Кыргызстан" фондунун аймактык журналистиканы өнүктүрүүгө кошкон салымынын бир бөлүгү гана. Ишмердүүлүгүн жүргүзгөн 30 жыл ичинде уюм жалпы кыргыз журналистикасынын тынымсыз иштеген механизми болуп берди. Аймактык журналистиканы тынымсыз сүрөгөнү жалпы ЖМКнын күчүнө канат болду.

"Аймактарда журналисттик иликтөөнүн болушу абадай эле керек. Анткени окуялардын чордону борбор калаага бурулуп, журналисттердин жоон тобу да ал жакта болуп турган шартта аймактарда көп нерселер көмүскөдө калып калат.  Муну менен жемкорлукка жол берилип кеткен, көңүл бурулбай, тиешелүү тараптар карабай калган окуялар алыскы аймактарда болуп калышы толук мүмкүн. Азырынча "Т-Медиа" аймакта иликтөө материалдарды даярдаган жалгыз редакция болуп жатат. Беш жыл ичинде 50дөн ашуун иликтөө материалдарды жасап, мыйзамсыз экенин алып чыктык. Ошол эле учурда иликтөө журналистикагадагы оор багыттардын бири. Бирок, ага карабай терс көрүнүштөрдү, коррупциялык иштерди ачыктап мамлекетке коомчулукка салым кошуудабыз", -дейт "Т-Медианын" продюсери Мээрим Абдиллажанова.

Аймактык журналистикадагы иликтөөлөргө из салды. Кыргызстандагы журналисттик иликтөөлөр дооруна аймактагы журналисттерди активдүү кошууга жан үрөдү. Анын негизинде жер-жерлерге көз карандысыз, бейтарап журналистиканын үрөнүн септи. Элдин үнүн бийликке өзгөртпөй, түз жеткирген журналистиканын калыптанышына салым кошту. Бир сөз менен "Сорос" фонду Кыргызстандагы журналистика, анын ичинде аймактык журналистиканы жаңы баскыска алып чыкты десек ашыкча болбойт.

 Автордон: жогоруда респонденттер сөз кылган "Сорос—Кыргызстан» фондунун долбоорлоруна мен да катышуучумун. Тагыраагы,  "Ынтымак" (азыркы УТРК Ош), "Клооп медианын" Оштогу бюросунда жана "Т-Медиа"  редакциясында иштеген кезимде "Соростун" долбоорлору менен түздөн-түз кызматташтым.

Бул үч долбоорго аздыр-көптүр өз салымымды коштум. Өзүм да журналистиканын жаңы багыттарындагы билимимди өнүктүрүп жаттым. Аны менен катар башкаларга бөлүшүп, үйрөтүүдө да жардамым тийди. "Соростун" кыргыз журналистикасы, анын ичинде аймактык медианы өнүктүрүүгө салымын тизмектеп жатып, фонд менен кызматташкан тажрыйбам үчүн менде сыймыктануу ойгонду. Албетте, журналистика күн сайын дүйнөлүк тажрыйба, эл аралык нормаларды ээрчий улам өзгөрүп келе жатат. Ошол агымда журналисттик принциптерге жетишүүгө, журналистиканын көз карандысыздыгын камсыздоодо эл аралык уюмдардын орду толгус бойдон кала берет. 

Автор: Айдай Беделбек кызы

Бул макаланы Кыргыз Республикасындагы "Интерньюс" уюмунун "Медиа-К" долбоорунун алкагындагы "Медиасын" жанрын өнүктүрүү боюнча программанын катышуучусу даярдаган.







 

Автор: Т-Медиа > 361 статей