БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Имамидин Ташов ооруканадан кайра тергөө абагына алынып келинди
Соттук отурумда мойнун кесип жиберген KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов 4-шаардык ооруканасына көрсөтүлүп, кайра №1 тергөө абагына жеткирилди. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова “Фейсбук” баракчасына жазып чыкты.
Имамидин Ташов бүгүн, 6-декабрда соттук отурумда белгисиз нерсе менен мойнун бир нече жолу тилип жиберип, эс-учун жоготкон. Райондук соттун басма сөз кызматы ал мындай кадамга отурум аяктап, анын баш коргоо чарасын 2025-жылдын 8-февралына чейин узартуу боюнча соттун чечими жарыялангандан кийин барганын билдирди.
Атайын кызмат Имамидин Ташовду быйыл 22-апрелде кармаган. Ага “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып коюлган.
Автор: Осмонова Айдана > 821 макала
АЛДЫГА
Өзгөндөгү айланма жол ачылды
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat