БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Имамидин Ташов Башкы прокуратурага кайрылды. Ал кыйноого кабылганын айтууда
"KG Group" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин үч кызматкери аны кыйноого алганын айтып, 5-ноябрда башкы прокурор Максат Асаналиевге арыз жазды. Бул тууралуу "Т-Медиага" анын жактоочусу Самат Матцаков билдирди.
Анын айтымында, арызда июнь айында УКМКнын үч кызматкери Ташовду адвокатсыз, жер төлөөгө окшош жайга алып барып кыйноого алганы жазылган. Алар маркум Камчы Көлбаевдын өлүмүн мойнуна алууга мажбурлашкан.
Атайын кызмат бул боюнча комментарий бере элек.
30-октябрда Имамидин Ташов тергөө абагында өзүнө кол салганы айтылган. Жактоочусунун билдиришинче, ишкердин ичинин эки жери кескиленген. Андан бир күн мурун ишкердин апасы соттук отурумдан кийин баласы кыйноого кабылганын байтып чыккан болчу. Мындан кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети комментарий берип, Ташов коомчулуктун көңүлүн буруу максатында денесине өзү атайын залал келтиргенин маалымдаган.
Атайын кызмат Имамидин Ташов Казакстандан чек араны мыйзамсыз кесип өткөндөн кийин, Чүйдүн Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалганын 22-апрелде кабарлаган. Ишкерге "бийликти басып алуу максатында, калкты адаштыруу үчүн социалдык тармактарда активдүү иш алып барган" деген айып коюлууда.
Автор: Улукбек кызы Асем > 427 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat