БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ипотекалык компания президенттин иш башкармалыгына өттү

Ипотекалык компания президенттин иш башкармалыгына өттү

Сүрөт: "Акчабар"

Мамлекеттик ипотекалык компания президенттин иш башкармалыгына өттү. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 13-мартта кол койгону тууралуу маалымат мамлекет башчысынын расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка караганда, мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишин жакшыртуу үчүн ушундай жарлык кабыл алынган. 

Буга чейин ипотекалык компания Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин карамагында болчу. Мамлекеттик ипотекалык компания 2015-жылы өкмөттүн демилгеси менен жарандардын турак-жай алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында түзүлгөн.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 2023-жылы турак-жай алуу үчүн 38 миң 209 адам Мамлекеттик ипотекалык компанияга кезекке турган. Электрондук порталга ушул тапта 100 миңге жакын адам кезекке жазылган.

2015-жылдан бери мамлекеттик ипотека менен 18 миңден ашык адам үйлүү болгон.

Автор: Улукбек кызы Асем > 349 статей