БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Иран президенти бараткан тик учактагылардын баары көз жумганы айтылууда

Иран президенти бараткан тик учактагылардын баары көз жумганы айтылууда

Эбрахима Раиси

Ирандын президенти Эбрахим Раиси бараткан тик учак кыйраган жерде тирүү калган адам жок экени айтылды. Бул тууралуу 20-майда өлкөнүн Кызыл Жарым Ай коомунун башчысы Пир Хосейна Коливандага шилтеме берүү менен ТАСС агенттиги жазууда. Азырынча Иран бийлиги расмий ырастай элек.

Ал IRIB телеканалына берген комментарийинде кыйраган тик учактын жайгашкан жери аныкталганын, бирок жүргүнчүлөрдүн тирүү белгилери табылбаганын айткан. 

Эбрахим Раиси 19-майда Чыгыш Азербайжан провинциясына барып, Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен чогуу Гыз-Каласы дамбасынын (плотина) ачылышына катышкан. Кайтып келе жатканда ал олтурган учак Жулфа шаарына кулап түшкөн. 

Президентти коштоп дагы эки тик учак жүргөн, алар Тербиз шаарына аман жеткени маалымдалды. Өлкөнүн ички иштер министри Ахмад Вахиди окуяны "кыйынчылык менен конуу" деп атап, куткаруучулардын ал жерге жетүүсү оор болуп жатканын белгилеген.

IRNA мамлекеттик маалымат агенттиги билдиргендей, Раиси отурган тик учакта тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян, Тебриз шаарынын башкы мечитинин имамы, Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору жана башка жергиликтүү жетекчилер да бараткан.

Катаал саясатчы катары таанылган 63 жаштагы Раиси Ирандын президенти болуп 2021-жылы шайланган. Ал 1988-жылы Иран-Ирак согушунун соңунда миңдеген саясий туткунду жапырт өлүм жазасына тартууга катышкандыгы үчүн АКШнын санкциясына кабылган. Раиси жогорку руханий лидер Али Хаменеинин жакын санаалаштарынын бири экени белгилүү.

Ирандын мыйзамдары боюнча, эгер президент каза болсо өлкөнү башкаруу милдети биринчи вице-президентке өтөт. Курамына Ислам кеңешме ассамблеясынын төрагасы, сот бийлигинин башчысы жана биринчи вице-президент кирген кеңеш жаңы президентти шайлоону 50 күн ичинде уюштурушу зарыл. Азыр Ирандын биринчи вице-президенти кызматын 69 жаштагы Мохаммад Мохбер аркалоодо.

Автор: Осмонова Айдана > 587 статей