БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ирандын жаңы президенти августта ант берет

Ирандын жаңы президенти августта ант берет

Масуд Пезешкиан. Сүрөт: sputniknews.ru

Иранда президенттик шайлоонун 5-июлда өткөн экинчи айлампасында жеңишке жеткен Масуд Пезешкиан август айынын башында мыйзам чыгаруучулардын алдында ант берет. Бул тууралуу Иран парламентинин президиумунун мүчөсү Мождаба Йосефи мамлекеттик маалымат каражаттарына билдирди.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) жарыялаган соңку жыйынтыктарга ылайык, 69 жаштагы Пезешкиан ашынган консерватор, катаал режимдин жактоочусу Саид Жалилди 53,7% добуш менен жеңди. Жалилини шайлоочулардын 44,3% колдогон.

Мамлекеттик IRNA агенттиги жазгандай, ант берүү аземи 4-августта же 5-августта өтөт.

2008-жылдан бери парламент мүчөсү болуп келген Пезешкиан 2016-2020-жылдары спикердин орун басары кызматында иштеген. Күтүүсүз жеңиштен кийин мурдагы кардиохирург жаш ирандыктарга ыраазычылык билдирди.

Иранда шайлоо мурдагы президент Эбрахим Раисинин 19-майда тик учак кырсыгынан көз жумганына байланыштуу мөөнөтүнөн мурда өттү.

Автор: Т-Медиа > 355 статей