БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ишкер Каракозуева конок үйүн мурдагы ээси талашып жатканын айтып чыкты

Ишкер Каракозуева конок үйүн мурдагы ээси талашып жатканын айтып чыкты

Сүрөт: Т-Медиа

Ошто ишкер Мээргүл Каракозуева үч жыл мурун ачкан бизнесин Шүкүрали Мадаминовдун үй-бүлөсү тартып алууга аракет кылып жатканын "Т-Медиага" билдирди. Айтымында, ал жети жылга ижарага имарат алып, "Арт" деген аталыштагы конок үйүн ачкан. Бирок эки тараптын келишими мыйзамдуу түзүлбөй калып, имарат башкага сатылып кеткен.

"2020-жылы февралда келишим түзүлгөн. Пандемия болуп, бир жылдан кийин майдын аягында ачкычты өткөрүп берген. Ошондон бери келишимде көрсөтүлгөн ижараны төлөп келдим. Бирок "келишимди нотариустан өткөрүп коёлу дегенде, оригинал документтерин таппай жатабыз" деп созуп келди. Көрсө документтер банкта күрөөдө турган экен. Анан мен "Халык банкка" кат жазып, уруксат кат алдым. Аны алгандан кийин Мадаминова (ред-Шүкүрали Мадаминовдун аялы) "чык, өзүм иштетем, имаратты сатам", -деди ишкер.

Учурда конок үйдөгү жабдуулар сыртка чыгарылган. Анын жаңы ээси Жазгүл Кадырова мейманканы ушул жылдын февраль айында 24 млн сомго сатып алганын айтат. Ал имараттын документтерин күрөөдөн алып чыгып, өзүнө өткөргөн.

"Мадаминовдор менен биринчи барып сүйлөшкөнүбүздө, "Бир кыз ижарада турат. Сот иши болуп жатат. Узагы 10-15 күндө бүтүп калат" деп айткан. Биз ошого ишенгенбиз. Булардын мынчалык чыр экенин билбептирбиз. Биз муну 20-февралда 24 млнго сатып алдык. Документтери банкта турган экен. Насыяларын төлөп алып чыгып, анан атыбызга өткөргөнбүз".

Мээргүл Каракозуева имаратты оңдоп-түзөөдөн өткөргөнүн, ошого кеткен каражатты актап алуу талабын коюуда. Анын чыгымдары үчүн имарат ээлери 3 млн сом сунуштаган. Бирок ишкер ага макул болгон эмес. Мындан улам ал бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу жасаган. 

"Болгону "3 млн сом берели дагы чыгып кет" дейт. А бул жерде жашылдандырууну мен кылгам да менин эмгегим. Ичи реконструкция дагы болгон. Менин бизнесим 30 млн сомдон ашык турат. Урматтуу, Камчыбек Ташиев менин жагдайыма көңүл бөлүп, жардам бересиз деген үмүттөмүн".

Ал эми имараттын мурдагы ээси Бактыгүл Мадаминова былтыр Каракозуеваны сотко берген. Ишкерге мейманканын бошотуу, ижара карыздарын төлөнү талап кылууда. Мадаминованын жактоочусу Руслан Дүйшөнбаев имарат насыяларды жабуу үчүн сатылганын айтып жатат. 

"Каракозуева Мээргүл таянган келишим мыйзамсыз. Мыйзамдын талаптарына жооп бербейт. Себеби, 7 жылга түзүлгөн келишим нотариустан, мамлекеттик каттоодон өтүшү керек эле. Бактыгүл Мадаминованын банкта насыясы бар. Каракозуева Мээргүл ижарасын төлөбөй, банкта пения кошула баштады. 2-3-ай мөөнөтү өтүп кетти. Анан "банк муну алып койбосун" деп саткан. Сатканга Мадаминованын укугу бар. Себеби, келишим Кадастрда катталган эмес. Катталганда сата албайт эле".

Мээргүл Каракозуева Ош шаарындагы "Конок центр" жана "Арт" отелдин негиздөөчүсү. Он жылдан ашуун убактан бери туризм тармагында эмгектенип келет. 

Бактылгүл Мадаминова Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Шүкүрали Мадаминовдун жубайы. Буга чейин "Т-Медиа" менен MediaHub Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгындагы (УКС) ыктымал коррупция тууралуу иликтөө жарыялаган. Анда Шүкүрали Мадаминов 2016-жылы мекемени жетектеп баштагандан тарта 309 тендер өтөргөнүн, 100үн анын жакындарына таандык компаниялар утканын ачыкташкан. Жалпысынан Мадаминовго байланыштуу компаниялар 340 млн сом утуп алышкан.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей