БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизилди

Ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизилди

Садыр Жапаров

Садыр Жапаров "Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө" жарлыкка 9-январда кол койду.

Жарлыкка ылайык, 2024-жылдын 31-декабрына чейин кылмыш иши козголгон ишканалардан башка ишкердик субъектерди, бизнес-чөйрөнү мамлекеттик органдар текшербейт. Өлкө башчы муну бизнес чөйрөсүн мамлекет тараптан колдоо максатында болуп жаткандыгын белгиледи. 

"Кызмат адамдары негизсиз, экономикалык кылмышы аныкталбай туруп эле (жасалма, уюштурма арыздар менен) ишкерлерге текшерүүгө келген болсо, Президенттин администрациясы аркылуу мага кайрылсаңыздар болот", -деп жазды президент "Фейсбуктагы" баракчасына. 

 

2023-жылдын аягына чейин ишкерлик чарбаларды текшерүүгө убактылуу мораторий киргизүү тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров 2022-жылдын ноябрь айында кол койгон. Айрым депутаттар текшерүүлөрдү биротоло беш жылга чейин токтотууну сунушташкан.

Автор: Осмонова Айдана > 603 статей