БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Испанияда суу ташкындан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок
Тышкы иштер министрлиги Испаниянын Валенсия аймагындагы суу ташкындан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок экендигин билдирди.
"Кыргызстандын Франциядагы элчилиги актуалдуу маалыматтарды өз убагында алуу үчүн Испаниянын бийликтери менен туруктуу байланышта",- деп айтылат маалыматта.
Испанияда табигый кырсыктын кесепетинен 200дөн ашык адам каза болгону айтылып жатат.
29-октябрда катуу жааган жамгырдан улам башталган суу ташкын бир нече саат ичинде көчөлөрдү каптап, автоунааларды, турак жайларды агызып кеткен.
Испаниянын Улуттук метеорологиялык кызматы Валенсия аймагынын Чива шаарында сегиз саат ичинде соңку 20 айда жаабаган нөшөр төккөнүн кабарлаган.
Автор: Анарбаева Наргиза > 175 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat