БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Италияда "Кыргызстан" паркы ачылды

Италияда "Кыргызстан" паркы ачылды

Сүрөт: президенттин администрациясы

3-октябрда Рим шаарында "Кыргызстан"паркынын салтанаттуу ачылышы болду. Бул президент Садыр Жапаровдун Италияга жасаган расмий сапарынын алкагында болгонун анын маалымат кызматы кабарлады.

Ачылыш аземдин алкагында Бишкек жана Рим шаарларынын ортосунда кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлган. Салтанатка кыргыз делегациясынын мүчөлөрү, Римдин вице-мэри Пьерлуиджи Санна, Муниципалитеттин башчысы Франческа Дель Белло, ошондой эле Италияда жашаган кыргыз диаспорасынын мүчөлөрү катышты.

"Парктын ачылышы Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы достук мамилелерди символдоштурат, ошондой эле Италияда кыргыз маданиятын жайылтууга жана маданий алмашууну өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт",-деп жазылат маалыматта.

Мамлекет башчы 2-октябрда расмий сапар менен Римге учуп кеткен. Анын алкагында Италиянын президенти Серджо Маттарелла, Министрлер кеңешинин төрагасы Джорджей Мелони, Депутаттар палатасынын төрагасы Лоренцо Фонтана жана Италия Сенатынын төрагасы Иньяцио Ла Русса менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган.

Автор: Осмонова Айдана > 649 статей