БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

УКМК: Райымбек Матраимов Азербейжанда экени аныкталды

УКМК: Райымбек Матраимов Азербейжанда экени аныкталды

Интернеттен алынды

Издөөдө жүргөн Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Азербайжандын борбору Баку шаарында экендиги аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 23-мартта кабарлады. 

Атайын кызматтын маалыматы боюнча аны кармоо тууралуу Азербайжанга кат жөнөтүлгөн. Учурда аны кармоо жана Кыргызстанга экстрадициялоо маселесин иштеп чыгууда.

Ошондой эле Матраимовдун Кыргызстандын жетекчилигине кол салууга даярданып жаткан Азербайжандан келген трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышы бар экендиги такталды.

Буга чейин УКМК Кыргызстандын аймагынан Азербайжандан келген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалганын маалымдаган. 

УКМК Райымбек Матраимовго январдын аягында издөө жарыялаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин "Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу" беренесинин "Уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөө" бөлүгү менен айып коюлган. 

2021-жылы УКМК Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Матраимов өзү да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимовду жана маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевди өлкөдө "мафия түзгөн" деп айыптаган.

Райымбек Матраимов 1997-жылдан тартып Бажы тармагында эмгектенген. Кызматтан көтөрүлүп отуруп, 2015-2017-жылдары Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеген.

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей