БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Изделип жаткан үч турист табылды
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 30-апрелде Ысык-Ата капчыгайынан маршрут боюнча Аламүдүн капчыгайына жөө жүрүшкө чыгып, дайынсыз болуп жаткан орусиялык үч турист 9-майда аман-эсен табылганын кабарлады.
"Үн байланышын утурлай, ӨКМдин кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун кызматкерлери туристтер турган даректи Google аркылуу болжолдуу тасмага түшүрүп, 9-майда издөө иштерин ошол дарекке багытташкан. Аталган борбордун кызматкерлери куткаруучуларга туристтердин турган дарегин аныктап, алардын ортосундагы аралыкты Google карта аркылуу аныктап, маалымдап турушкан. Жыйынтыгында куткаруучулар туристтерге жолугуп, төмөн көздөй бет алышты", - деп жазылган ӨКМдин маалыматында.
Маалыматка караганда, эки күндөн бери куткаруучулар тарабынан изделип жаткан туристтер өздөрүнүн Орусиядагы тааныштарына байланышка чыгышкан. Учурда саякатчылардын абалы жакшы, аман-эсен.
8-май күнү ӨКМге “Спорттук туризм федерациясы” коомдук бирикмесинин башчысы Н. Даутов кайрылып, Орусиядан келген үч турист 30-апрелде Ысык-Ата капчыгайынан маршрут боюнча Аламүдүн капчыгайына жөө жүрүшкө чыккан боюнча дайынсыз болуп жатканын билдирген.
Расмий маалыматтарга караганда, былтыр ӨКМге куткаруу иштерине жардам берүү тууралуу 17 өтүнүч, 2022-жылы 11 өтүнүч түшкөн. Эки учурда 10дой турист каза болгон.
Автор: Улукбек кызы Асем > 418 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat