БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Израил: өлкөнүн тарыхында алгачкы жолу бир шаардын калкы толук эвакуацияланып жатат

Израил: өлкөнүн тарыхында алгачкы жолу бир шаардын калкы толук эвакуацияланып жатат

1

Израилдин түштүгүндөгү 30 миңге жакын киши жашаган Сдерот шаарында өлкө тарыхында алгачкы жолу жапырт эвакуация башталды. Бул тууралуу The Times of Israel басылмасы аталган калаанын башчысы Элад Калимиге шилтеме кылып кабарлады. Шаар мэринин айтымында, бүгүнкү күнгө карата болжол менен калктын үчтөн экиси эвакуацияланды. Дагы бир нече миң киши жакынкы убактарда калаадан чыгарылат деп күтүлүүдө.

“Тургундар Тель-Авивге, Иерусалимге жана Эйлатка жайгаштырылып жатат. Түрдүү себептерден улам шаар калкынын 10% эвакуациядан баш тартышы мүмкүн”, – деди Калими.

Сдерот шаары Негев чөлүн өздөштүрүү программасынын алкагында 1950-жылдардын башында негизделген. Ал Газа сектору менен чек арадан бир нече чакырым алыстыкта жайгашкан.

Сдерот 7-октябрдагы кол салуудан кийин бир нече саат ХАМАС жана “Ислам жихады” топторунун куралдуу исламчыларынын көзөмөлүндө болуп турган. Бул эки топ тең дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө террордук уюм деп табылган.

Израил Коргонуу армиясынын куралдуу топторго каршы күтүлүп жаткан операциясынын алдында Газа тилкесиндеги палестин жашоочулары да эвакуацияланууда. Алар сектордун түндүгүнөн кыйла коопсузураак түштүк бөлүгүнө көчүп жатышат. Бул эвакуация Израил күчтөрү жоочулардын кол салуусуна жооп катары Газа тилкесине абадан сокку уруп жаткан маалда ишке ашырылууда.

Washington Post басылмасы интернетке жарыяланган видеого шилтеме кылып, израил соккуларынын бири качкындардын колоннасына тийип, ондогон адамдын өмүрүн алган болушу мүмкүн экенин жазды. Өз кезегинде Израилдин армиясы бул айыптоону четке кагып, жихадчылар жашоочулардын Газанын түндүк аймактарынан чыгып кетүүсүнө тоскоолдук кылып жатканын билдирди.

Автор: Т-Медиа > 355 статей