БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен оппозициялык «Улут биримдиги» партиясынын лидери Бени Ганц убактылуу «чукул» өкмөт түзүү боюнча ма

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен оппозициялык «Улут биримдиги» партиясынын лидери Бени Ганц убактылуу «чукул» өкмөт түзүү боюнча ма

1

Президенти Садыр Жапаров жарандык авиация кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап,  кызматкерлердин тажрыйба жана билимине маани берилип жатканын белгиледи.

Жапаров жарандык авиация тармагын өнүктүрүү өлкөнүн башкы артыкчылыктарынын бири бойдон калаарын кошумчалады.

Ошондой эле авиация комплексинин инфратүзүмүн жолго салууга, аймактар аралык транспорттук байланыштарды чыңдоого, жаңы, келечектүү авиамаршруттарды ачууга өзгөчө көңүл бурулаарын айтты.

“Өзүңүздөр көрүп жаткандай, өлкө аймагында аэропортторду куруу жана реконструкциялоо темпи жогорулап, алдыңкы технологиялар киргизилип, кызматтар чөйрөсү кеңейүүдө. Жарандык авиациянын кызматкерлеринин компетенттүүлүгүнө, тажрыйбасына, билимине дагы маани берилүүдө”,- деди Жапаров.

Кыргызстандын жарандык авиациясынын тарыхы 1933-жылы Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Советинин токтому кабыл алынгандан тартып башталган.

1994-жылдан баштап 7-октябрь – Жарандык авиация күнү катары белгиленип келет.

Автор: Т-Медиа > 355 статей