БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун жогорулатуу сунушталууда

"Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун жогорулатуу сунушталууда

Сүрөт интернеттен алынды

1-ноябрдан тарта муктаж үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулдун өлчөмүн жогорулатуу боюнча токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. 

Документте 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга 1200 сомдун ордуна 1500 сом берүү каралган.  Бул боюнча зарыл чараларды көрүү Эмгек, социалдык камсыз кылуу жана миграция министрлигине жүктөлгөн. 

Эмгек министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык учурда өлкөдө 281 миңден ашык бала ушундай жөлөкпул алат. 

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей